Бишкек, 27.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жыл Талас облусу үчүн ийгиликтүү жана тарыхый ачылыштардын жылы болду . Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы Талас облусу социалдык-экономикалык багытта бир топ алгылыктуу ийгиликтерди жарата алды. Ошондой эле 2023-жылга салыштырмалуу 4 млрд сомго көп киреше чогултту.
“Ишканалар ачылып, салык көбөйдү. Облус боюнча 160 чакан жана ири ишкана ачылды. Өткөн жылга коюлган план 100%га аткарылды. 37 жылдан бери токтоп турган “Талас аймактык аэропорту” реконструкциядан өтүп, учурда жигердүү иштеп жаткан кези. Бул аэропорттун ишке кириши да, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошуп жатат десем жаңылышпайм. Ошодой эле эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттин жеке каражатынан курулган “Бала-Саруу” ГЭСи ишке кирди. Аймак өнүксө, өлкө да өнүгөт”, - деди ал.
Ошондой эле ал, 2025-жылга коюлган бир катар амбициялык пландар дагы жигердүү эмгектин аркасында ишке ашырыларын белгиледи.
“Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн жаңы багытына бет алып жатабыз. Эми Таласта ири логистикалык борбор курулат. Ал жерде айыл чарба продуктусун кайра иштетүүчү ишканаларды курабыз. Мындан сыркары, бизде “Беш-Таш” деген эс алуучу жаратылыш парк бар. Ошол жерди, заманбап талапка ылайыктуу кылып, атайын туристтер эс алуучу жер кылабыз. Ошондой эле жаңы базарлар курулат. Балдарды дагы унутта калтырган жокпуз. Алар үчүн атагы алыска кеткен Disneyland`тин чаканырагын куруу каралууда”,-деди ал.