Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова 2024-жылдын жыйынтыгы менен кыз-келиндер арасында Азиянын мыкты балбаны деп табылды. Бул тууралуу Азия күрөш федерациясы UWW Asia рейтингинде белгилүү болду.
31 жаштагы спортчу Олимпиада оюндарына төрт жолу катышып, Токио Олимпиадасында күмүш утса, былтыр Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль алган. 2012-жылы Лондон Олимпидасында 13-орунду, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.
Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) аны кыз-келиндер күрөшү боюнча 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.