Жаан-чачын күтүлбөйт: 20-октябрга карата аба ырайы

Коом
Жаан-чачын күтүлбөйт: 20-октябрга карата аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 20-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +18…+23, Нарын жеринде +12…+17, Талас облусунда +16…+21, Ысык-Көл облусунда +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23 градусту көрсөтөт.

Ал эми Бишкек шаарында +20…+22 градуска жетет.