20-февралга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 20 Февраль 2025 09:53
WhatsApp Image 2025-02-01 at 15.54.40 (1).jpeg
copyright icon Кабар Исхак Туратбеков

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 20-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7…+12, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Нарын облусунда 0…5 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанына табы +8…+10 градуска жетери күтүлөт.