2-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 2 октябрь 2026 10:05
2-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 1-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар аралаш жаан жаайт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Талас облусунда +18...+23, Ысык-Көл менен Нарын облусунда +15...+20 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы+22...+24 градуска жетет.