Бүгүнкү аба ырайы: Күн ачык жана жылуу болот

Коом
Бүгүнкү аба ырайы: Күн ачык жана жылуу болот
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. "Кыргызгидромет" кызматы бүгүн, 19-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн республика боюнча күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүй, Баткен облустарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад облустарында +19...+24, Талас облусунда +15...+20, Ысык-Көл облусунда +13...+18, Нарын облусунда +12...+17 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +19...+21 градуска жетет.