Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 18-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун айрым, Нарын облусунун көпчүлүк жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Абанын температурасы Чүй облусунда +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Талас облусунда +23...+28, Ысык-Көл облусунда +20...+25, Нарын облусунда +22...+27 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +29...+31 градуска жетет.