Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында 18-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Баткен облустарында +6...+11, Талас облусунда +5...+10, Ош, Жалал-Абад облустарында +7...+12, Ысык-Көл облусунда ...+5, Нарын облусунда -2...+3 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.