Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 17-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда +26…+31 градус;
- Талас облусунда +22…+27 градус;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27…+32 градус;
- Ысык-Көл облусунда +19…+24 градус;
- Нарын облусунда +21…+26 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +27…+29 градуска жетет.