Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. "Кыргызгидромет" кызматы бүгүн, 17-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Талас облусунда +16...+21, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын облусунда +14...+19 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +16...+18 градусту көрсөтөт.