Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 16-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27...32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл облусунда +17...+22, Нарын, Талас облустарында +22...+27 градуска көтөрүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +27...+29 градуска жетет.