15-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 15 октябрь 2026 07:45
15-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 15-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Нарын облустарынын айрым, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Талас облусунда +19...+24, Ысык-Көл, Нарын облустарында +13...+18 градуска жетет.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +19...+21 градус болушу күтүлөт.