Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. 15-июлдан 18-июлга чейин Жыргалаң шаарчасына курула турган объекттердин аукциону өтөт. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик мекемесинин директору Жаркынбек Максүтов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда уюлдук операторлордун колдоосу аркылуу жарандардын телефондоруна аукционго катышууга чакыруу жөнүндө смс-билдирүүлөр жиберилип жатат. Объекттер “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа класстерин түзүү долбоорунун алкагында курулат.

“Аукционду ачык-айкын өткөрүү боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма берди. Онлайн аукцион Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан электрондук соода аянтчасында өткөрүлөт. Аукционго катышууну каалагандардан билдирмелер 18-июндан баштап кабыл алына баштады. Талапкерлер https://auctionetp.gov.kg аянтчасына тиешелүү документтерди жүктөөсү керек болот. Азырынча аукционго катышуу боюнча билдирмелер түшө элек”, - деди ал.

Ошондой эле Жаркынбек Максүтов белгилегендей, “Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашыруу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынан 3916 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Долбоордогу үч негизги курортко жер тилкелери бөлүнгөн. Мында “Жыргалаң” курортуна 1624,66 гектар, “Ак-Булак” 945,92 гектар жана “Боз-Учукка” 1345 гектар жер каралган.

“Жыргалаң шаарчасынын башкы планы бекитилген. Шаардын жалпы аянты 58 гектарды түзөт. Учурда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун алкагында “Жыргалаң” курортунда иштер башталды. Аукционго 49 лот боюнча 6,5 гектар жер коюлат. Анда жер тилкелери 216 чарчы метрден 15 660 чарчы метрге чейин болот”, - дейт Максүтов.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ижара мамилелери башкармалыгынын башчысы Жанболот Туткабаев кошумчалагандай, аукциондогу лоттордун баасы 3 млн 67 миң 200 сомдон башталып, 336 млн 960 миң сомго чейин болот. Аукционго катыша турган инвесторлор кепилдик төлөм төлөш керек. Анын суммасы лоттун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.

Долбоордо белгиленген объекттерди куруу иштерин инвесторлор эки жылдын ичинде бүтүшү зарыл. Долбоордо көрсөтүлгөндөй, “Жыргалаң” курортуна 120 чакырым тоо-лыжа жолдору, 5-4-3 жылдыздуу конок үйлөр, коттедждер, глэмпингдер, спа-комплекси жана этно шаарча, конференц-залдар камтылат. Курулуш иштери жаратылышка минималдуу таасир тийгизип, эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүлөрү айтылды.
