Абанын табы +32 градуска жетет: Бүгүнкүгө карата аба ырайы

Коом 14 сентябрь 2026 09:30
Абанын табы +32 градуска жетет: Бүгүнкүгө карата аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 14-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын, Талас облустарында+25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +30...+32 градуска жетет.