Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 13-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, республикада тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Талас облусунда +17...+22 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарында +13...+18 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында +20...+22 градуска жетет.