Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында 13-мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +12…+17, Талас облусунда+10…+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарын облусунда +3…+8 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +15…+17 градуска чейин көтөрүлөт.