Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. 10-12-классты окуган окуучулар кошумча башталгыч кесипке даярдалып чыгат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова “Кабар” агенттигине билдирди.
Ал 12 жылдык мектепте класстар үч топко бөлүнөөрүн билдирди. Алар 1-класстан 6-класска чейин башталгыч класс, 7-класстан 9-класска чейин орто класс, 10-класстан 12-класска чейин жогорку класс болуп бөлүнөт. 10-12-класстагыларга кошумча башталгыч кесиптер окутулат. Аларга ашпозту, чач тарач өңдүү майда кесиптер кирет.
“Бул кесиптерди алар бир учурда окуп, үйүндө дагы аны пайдаланып практика жасай беришет. Мисалы, үйдөн тамак жасап, ошол эле апасынын же атасынын чачын кыркып практика кылышат. Тагыраагы, алар 12 жылдык мектепти бүткөндө бир кесипти өздөштүрүп алат. Балким ар бир жылда кесиптер алмашылып турушу мүмкүн. Мисалы, бир жыл ашпозчу, бир жылы чач тарач ушундай болушу мүмкүн”- деп билдирди билим берүү министрлигинин адиси.
Мындан тышкары, 12 жылдык мектепти бүткөндөн кийин окуучулар кадимкидей эле каалаган окуу жайга тапшыра алаары, аны менен бирге кошумча кесипке үйрөнгөн деген атайын сертификат берилээри айтылды.