Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 12-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Талас облусунда +15...+20, Ысык-Көл облусунда+14...+19, Нарын облусунда +13...+18 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы+19...+21 градуска жетет.