Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында 11-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +1...+6, Талас облусунда 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Нарын облусунда 0...-5 градус болору күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +4...+6 градуска чейин көтөрүлөт.