11-декабрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 11 Декабрь 2025 09:15
IMG-20251210-WA0121.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот. Тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +1... +6, Талас облусунда +1… +6, Баткен облусунда +4… +9, Ош, Жалал-Абад облустарында 0... +5, Ысык-Көл облусунда -1... -6, Нарын облусунда -6... -11, градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +4... +6 градусту түзөт.

Ошондой эле айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.