Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Өлкө боюнча 1-класска кабыл алуу үчүн 192 миң 250 орун берилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Агартуу министригинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-апрелден тартып атайын платформа (https://1mektep.edu.gov.kg) аркылуу электрондук каттоо башталгандан бери 71 миң 782 бала катталды. Учурда мектептерде 120 миң 468 бош орун бар.
Электрондук каттоонун биринчи этабында балдар мыйзамдуу жашаган жери (микроучасток) боюнча каттоого алынган.
Ал эми каттоонун экинчи этабы 1-июнда саат 10:00дө башталат. Бул этапта ата-энелер балдарын жашаган дарегине карабастан, бош орундары бар каалаган мектепке каттай алышат.