1-декабрда “Жыргалаң” тоо-лыжа курорту ачылат

Президент 11 сентябрь 2026 23:33
1-декабрда “Жыргалаң” тоо-лыжа курорту ачылат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. 1-декабрда “Жыргалаң” тоо-лыжа курорту ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы бүттү.

“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластеринин курулушу туристтик тармактын жаңы багытын калыптандыруу менен миңдеген жумуш орундарын түзөт. Биринчи фазасы бүттү. Кудай буйруса, 1-декабрда Жыргалаң бөлүгүн ачабыз”, - деди президент.