2024-жылы мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 36,1 млрд сомду түздү

Экономика Загрузка... 04 Февраль 2025 15:31
Akcha-1.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. 2024-жылы мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 36,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишмердүүлүгүн караган жыйында айтылды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин маалыматы боюнча, мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси өткөн жылы 36 млрд 153 млн сом болгон. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 7 млрд 375 млн сомго көбөйгөн.