Бишкек, 24.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Эки күндөн бери өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаады. Буга байланыштуу музга тайгаланып же этиятсыздыктан денесин кокустатып алган жарандар жок эмес. Бишкек шаарындагы Спорттук реабилитациялоо борборунун травматологиялык пунктуна эки күн ичинде 48 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган борбордун бөлүм башчысы Дөөлөс Сооронбаев билдирди.
Анын айтымында, медициналык жардам алуу үчүн келгендердин басымдуу бөлүгү башын, жамбаш сөөгүн, колу-бутун жабыркатып алгандар.
“Биздин травматологиялык пунктка кайрылгандардын саны күндөгүдөй эле десек болот. Кар жаагандан улам травма алгандар көбөйгөн деле жок. Анткени бүгүнкү күндө борбор калаада 1 миллиондон ашуун тургун жашагандыктан, травма ар кандай кокустуктан улам келип чыгышы мүмкүн. Бизге кайрылгандардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүп, кеп-кеңеш берилип, үй шартында дарыланууга жиберилди. Ошондой эле алар жашаган жери боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат”, - деди ал.
Дөөлөс Сооронбаев белгилегендей, травматологиялык пунктка кышкысын баллон менен муз тээп жаракат алгандар көп кайрылат. Баллон тебүүдө эч кандай коопсуз чаралары сакталбагандыктан, адам өмүрүнө өтө кооптуу.
“Кышында травмпунктка улгайган адамдар да көп кайрылат. Анткени алардын карыган сайын сөөктөрү морт болгондуктан сынып кетүү тобокелдиги жогору. Мындан тышкары, кыш мезгилинде айдоочулар да жол кыймылынын эрежелерин сактап, ылдамдыкты ашырып айдабай, этият болушу зарыл. Жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди этибарга албаган учурларда айдоочуларга да, жөө жүргүнчүлөргө да кооптуу учурлар жаралат”, - деди дарыгер.
Ошол эле маалда адис жөө жүрүүчүлөр да тайгаланып жыгылып кетүү коркунучун азайтуу үчүн бир катар жүрүм-турум эрежелерин эстен чыгарбоо керектигин эскертет:
- Коопсуз жолду тандоо;
- Тепкич менен көтөрүлүп же түшүп жатканда кармагычтарды кармоо;
- Таманы тайгаланбаган туура бут кийим кийүү зарыл;
- Колдорду чөнтөгүңүзгө салбаңыз. Жыгылып баратканда дароо таянып калууга убакыт жетпей калышы мүмкүн;
- Улгайган адамдар учу учтуу таяк алып жүрүшү керек;
- Кош бойлуу аялдар коштоосуз жүрбөшү шарт;
- Үйдүн кире беришин, тепкичтерин кар-муздан тазалап туруу кажет.