Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Йосефсондун Кыргызстандагы миссиясы аяктады

Саясат Загрузка... 31 Январь 2025 12:51
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы - элчи Мэрилин Йосефсонду анын дипломатиялык миссиясынын аякташы менен байланыштуу кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле жакынкы мезгилде биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу пландарын талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Мэрилин Йосефсонго кыргыз-европа кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, экономика, билим берүү, санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо сыяктуу негизги тармактарда диалогду кеңейтүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Мэрилин Йосефсон жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Европа биримдигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн чегинен тышкары жүргөндө дагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Жээнбек Кулубаев биргелешкен жемиштүү иши үчүн ыраазычылык катары элчи Мэрилин Йосефсонго "КР Тышкы иштер министрлигине 80 жыл" юбилейлик медалын тапшырды.