ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН «КАБАР» АГЕНТТИГИНЕ БЕРГЕН ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ МАЕГИ

Интервью 0

Читайте и смотрите нас в

Өлкө башчысы Садыр Жапаров биздин редакцияга эксклюзивдүү интервью берүүгө макул болду. Биз суроолорубузда коомчулукта катуу талкуу болгон жана көпчүлүктү тынчсыздандырган маселелердин бардыгын камтыганга аракет кылдык.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Сиз Бакуга расмий сапар менен кетер алдында соцтармактагы баракчаңыз аркылуу сапардан келген соң кеңири интервью берем деп билдирүү жасадыңыз эле. Анда бардыгын ийне-жибине чейин айтып берейин деп да белгилегенсиз. Андыктан, урматтуу президент, суроолорго өтөрдөн оболу сизден бир өтүнүч: суроолорду чектөөсүз, коомчулукта актуалдуу болгон, анын ичинде айрым учурда сиздин дарекке катуу сындар менен коштолгон маселелерге байланыштуу болгондорун дагы берүүгө уруксат берсеңиз.

Саламатчылык. Макул.

— Алгачкы эле суроо: акыркы убакта коомчулукта катуу талкуу болгон журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө айтылган ак үй маселеси. Азыр жаңы Ак үйдүн зарылдыгы канчалык бар эле? Азыркы иштеп аткан ордуңузда кала берсеңер болбойбу? Буга чейин өзүңүз эле сарамжалдуулукка чакырып аттыңыз эле...

Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын.

Негизи мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин. Мындан ары деле жыргал жашоону самабайм. Айрым ою бузук адамдар айтып жаткандай, менин отурган жерим укмуш болуш керек, жашаган жерим андан да укмуш болуш керек деп салып жатканым жок. Жөнөкөй жерде олтуруп алып деле иштей берем. Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Убакыттар өткөндөн кийин унутулабыз. Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат. Бул имарат эмне үчүн салынып жатат деп суроо берсеңиз туура болмок. Убакыттар өткөн сайын заман өзгөрүп жатат. Эл өсүп жатат. Бишкектин борбору автотыгындарга толуп кетти. Мурда Москвада тыгындарда эки-үч саат турасың дечү элек. Азыр биздин Бишкек деле кем калбай калды. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имаратты биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз. Буга да мамлекеттин накталай акчасы кетпейт. Министрликтердин азыркы олтурган имараттарына алмашуу жолу менен эле салып коебуз. Өзүбүздүн ата мекендик куруучулар эле салып коюшат.

— «Манас» айылын талкалап, 5 сотых жерине кирип кетти деп Али Токтакунов менен манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып чыгышты эле. Чын эле «Манас» айылынын жери кирип кеттиби?

«Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми ак үй менин менчигим эмес. Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. «Манас» айылын дагы жаңылап салабыз. Азыркы ахывалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс. Биз аны накта «Манас» айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын «Манас» айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз. Мындан сырткары Манас айылынын мандайына Манас театрын салабыз.

Ушул жерден бир нерсени айтып коеюн. Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин. Манас атабыз менин жүрөгүмдө бала кезимден бери жашайт. Бала кезимде кечкисин мал тейлеп келип олтурганда, атам менен апама «Манас» китебин окуп берет элем. Алар кунт коюп угушар эле. Ошондуктан менин азыркы жасап жаткан ар бир ишим, кайсы убакта болбосун, эл тараптан “жакшы иш болуптур” деген баа бергидей жасап кетем. Ошол үчүн бардык жасап жаткан иштеримди сындагандын ордуна колдоп тургула. Өкүнбөйсүңөр.

— Жаңы ак үй боюнча сиз мамлекеттен бир тыйын коробойт дедиңиз. Бирок активисттер айырбаштала турган 16 гектардын базар баасы 35-40 миллион долларды чапчырын, ал эми курулушка анын үчтөн бир бөлүгү эле коротуларын айтып чыгышты. 16 га ачык сатыкка коюп, анан андан түшкөн акчага ак үйдү салса болбойт беле?

Активисттер эң туура айтат. Бул маселеде алар менен эч кимибиз талашкан жокпуз. Ал жердин базар баасы 30 миллион доллардан жогору турат. Имарат өзү 25 миң чарчы метрдин тегереги салынып жатат. Бул деле 30 миллиондун тегереги болот. Кандай материалдар колдонулганына жараша баасы чыгат. Аны иш башкармалыгыбыз толук көзөмөлгө алып жатат. Салынып бүткөндөн кийин так суммасын чыгарып, айырмасын эсептешебиз. Эч ким эч кимге бекер жер бербейт же алар бизге бекер имарат куруп бербейт. Ар бир мүлктүн эсеби бар да. Көчөдө жаткан эч нерсе жок. Бүткөндөн кийин эсептешебиз. Айырмасын чыгарабыз. Биз карыз болсок, биз беребиз. Алар карыз болсо, өкмөттүн имараты салына баштаганда ал жака салымын кошушат. Мына ушундай макулдашуу менен кетип бара жатабыз.

— 16 гектар жерди каяктан алдыңар? Ал конкреттүү кимге берилет эми?

Жалпы өлкө боюнча биз кызматка келгенден бери 3106 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтардык. Анын ичинен 2021-жылы 1124 гектар, ал эми ушул жылдын 4 айында эле 1982 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул – башкы прокуратуранын иши. Ал эми УКМК 146 гектарга жакын жер тилкесин кайтарды.

Илгертен бери ушул мамлекеттин жерлери бекер эле таратылып кеткен экен. Болгондо дагы чириген байларга бекер берилген. Биз алардын баарын мамлекеттин менчигине кайтарып жатабыз. Анан алар кантип бизди жакшы көрсүн. Жалданма иликтегич журналисттерди жалдап алышып жамандатып, элдин пикирин башка нукка бургусу келип жатышат. Биз алдыга койгон максатыбыздан тайбайбыз. Жакшы иштерди жасап, алдыга жыла беребиз. Тарых жана келечек муун биздин ишибизге өз баасын берет.

Бишкекте мурда бекер берилип кеткен көпчүлүк жерлерге кичи райондор салынып, сатылып кеткен экен. Албетте пайдасы менчик чөнтөктөргө кирип, сиңип кеткен. Ал эми курулуш курула элек жерлердин баарын мамлекеттин пайдасына кайтарып алып, ушундай пайдалуу иштерди жасап жатабыз. Ал жерлерге кичи райондорду куруп, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 20-25 жылга элге беребиз. Мунун эмнеси жаман?

— Ак үйдү коюп, айыл, мектеп салышса болмок дегендер болду. Мектептер, социалдык объектилер курулуп атабы?

2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта республикалык бюджеттин эсебинен 159 социалдык объекттин курулушу бүттү.

- 68 мектеп;

- 16 бала бакча;

- 12 саламаттык сактоо объектиси;

- 4 маданият объектиси;

- 4 спорт объектиси;

- 23 таза суу объектилери;

- 11 башка объекти (административдик имараттар

стационардык транспорттук көзөмөл пункту, ипподром ж.б.);

- 21 капиталдык оңдоп-түзөө объектиси курулуп бутту.

Жогорудагы объектилерди курууга республикалык бюджеттин эсебинен 4 миллиард 929 млн сом акча каражаты каржыланган.

Андан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен 113 социалдык объектинин курулуштары бүткөрүлдү, анын ичинен:

- жергиликтүү бюджеттердин эсебинен – 82 объект;

- кайрымдуулук фонддорунун эсебинен – 12 объект;

- облустук өнүктүрүү фонддорунун эсебинен – 6 объект;

- жеке донорлордун эсебинен – 13 объект курулду.

Бул объектилерге каржыланган акча каражаттарынын жалпы суммасы 2 миллиард 887 млн сомду түзөт.

Азыр дагы курулуштар жүрүп жатат. Башталып жаткандары дагы бар. Бишкек шаарынын жаңы конуштарына эле 15 мектеп, бир бала бакча салып жатабыз. Сентябрда ишке киргизебиз. Ушулар менен бирге ак үй да курула берсе жаманбы? Башка тармактардагы курулуштарга ак үйдүн эч тоскоолу жок. Завод-фабрикалар дагы салынып жатат. Алар жөнүндө өкмөткө тапшырма берем. Жакынкы араларда кайсыл жерде кандай завод-фабрикалар салынып жаткандыгын толук видеоотчет менен беришет. Өлкө ичиндеги аэропортторду жандандырып жатабыз. Каракол, Нарын, Казарман, Талас аэропорттору ишке киришет. Кыскасы, ички аба каттамдарды жандантабыз. Жакында Каракол аэропортунун аэровокзалын жаңы курууга капсула салам. Былтыркы жылы “Манас” эропорту 4 миллиард 4 миллион сом таза киреше берди. Мурда эң көп таза киреше бергени 2019-жылы болгон экен. 1 миллиард 800 миллион сом бериптир. Биз ал жактагы коррупцияны жок кылдык эле, быйыл мына 4 миллиард киреше берип атат. Ушул эле акчалар менен аэропортторду оңдоо иштерин баштадык. Темир жолдогу коррупцияны жок кылдык эле, алар жарым жылда 2 миллиардга жакын киреше берип атат. Ошол эле өз акчалары менен Балыкчы-Кочкор темир жолун салып кетип бара жатышат. Эң негизгиси, башка бирөөлөр эмес, ата мекендик эле темир жол куруучуларыбыз куруп кетип бара жатышат. Мурда тендерден утту деген шылтоо менен чет өлкөлүктөргө берип, алардан 10 пайызын чөнтөккө алып жүрүшкөн. Мындан ары андайларга жол бербейбиз. Кыскасы, бардык тармактарда курулуштар жүрүп жатат.

— Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушуна каражат үзгүлтүксүз бөлүнөбү? Же ал узакка созулган долбоор болуп калабы?

Үзгүлтүксүз бөлүнөт. Дагы башка булактардан акча издеп жатабыз. Темир жол ишканасынын эле көзүн карап олтурбастан, башка булактардан дагы жардам берели деп каражат издеп жатабыз.

— Жаңы ак үй куруш керек дегендер аргумент катары “чет элдик меймандарга уят болбойлу” дешти. Бирок акыркы убакта чет мамлекеттерден жогорку даражалуу кыйраткан деле меймандар келе элек го?

Чакырсаң, баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен да. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий визит менен келет. Түштөн кийин Өзбекстандын Президенти Шавхат Миромонович Мирзиёев расмий сапары менен келет. 27-майда ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары келишет. Ар нерсенин өз убагы келет. “Эч бир президент келбеди” деп сайрагандар сабыр кылып турушсун. Баары келет.

— Асман шаары эмне болуп атат? Ал ишке ашабы же токтодубу?

Сөзсүз салынат. Убакыт керек. Ал шаардын, түшүнгөн адамдарга, келечеги кең. Экологиялык таза шаар болот. Көлгө эч бир зыяны тийбегидей кылып долбоорлоп жатышат. Кагаз иштери абдан кылдаттыкты жана көп убакытты талап кылат экен да. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу бүтсө, ал шаарга Фергана өрөөнүнөн 4 саатта жетип келсе болот. “Тамчы” аэропорту жанында. Темир жол жанында. Кара-Кечеден ары келечекте Макмалга темир жол жетет, буюрса. Кыскасы тогуз жолдун тоомундагы шаар болот. Бир үй салсаң деле, эки-үч жылда саласың го. Анан эми 500 миң калкка эсептелип жаткан шаарды кантип эки-үч жылда баштап жибересиң. Сабыр кылып тургула. Буюрса, бир күнү ал шаар да башталып калат.

— “Кумтөр” боюнча убагында 260 миллиард сомдук экологиялык зыян келтирилгени айтылып келди эле, эми ал экологиялык зыяндын ордун ким толтурат?

Туура көрсөңөр, “Кумтөр” боюнча азырынча жооп бербей турсам. Анткени өткөндө кол коюшкан келишимибиз үч айдан кийин күчүнө кирет. Күчүнө кирер замат, коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99 пайыз пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем. Мен деле угуп жатам анча мынча былжырактарды. Азырынча былжырагандар былжырап турушсун. Мен бардык сырларды коомчулукка айтып чыккандан кийин уялышар эгер беттери калың болбосо. Ай, бирок ким билет. Андайлар уялып калуу дегенди деле билишпейт экен.

— Алтын казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткени чынбы?

Алтын казуу дайыма эле бир көлөмдө казылбайт. Бир жерде руданын составында алтын көп болсо, бир жерде аз болот. Ошондуктан бирде көп казылса, бирде аз казылып турат. Быйыл, буюрса, 17 тоннанын тегерегинде алтын казып алабыз деп план коюп жатышат.

— “Кумтөрдүн” алтыны каякка, канчадан сатылып атат? Уурдалып кетмейи жокпу?

Бир грамм алтын уурдай алышпайт. Руда келип фабрикага түшкөндөн баштап, алтын чыгып, Кара-Балтага жеткенге чейин, андан аффинаждалып Улуттук банкка келгенге чейин, бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар турат. Андан сырткары бир-эки эле киши катышпайт да процесске. Ар бир жерде он чактыдан киши катышып, актыларга кол коюшуп, ар бир граммын жазып, бири-бирине өткөрүп берип турушат. Ал видеолор баары архивде сакталуу болот. Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот. Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатты. Биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат.

— Тышкы саясатта багытыбыз кандай болууда? Айтайын дегеним, акыркы маалыматтарга караганда Америка тарап менен мамилени өтө жандандыруу жүрүп жаткандай. Жаңы келишимге кол коюлганы жатабы?

Тышкы саясатыбыз дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен бирдей. Биз чакан өлкө болгондон кийин бардык өлкөлөр менен сый мамиледе болушубуз керек. Дүйнөлүк саясатка баш тыгып эмне кылабыз. Үй-бүлөсүн бага албай тентитип жибергендер дүйнөлүк саясаттан сүйлөп, акыл үйрөтүп баштаганда күлкүң келет. Биз соода-сатык жана экономикабызды чыңдашыбыз керек. Кыргызда “Эчки тууй албай жатып, койго арачы болот” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, биз тышкы карызыбыздан кутулуунун, экономикабызды көтөрүүнүн камын ойлошубуз керек. Ошол үчүн бир эле Америка эмес, бардык өлкөлөр менен экономикалык келишимдерге кол коюшубуз керек.

— Бул Украинадагы окуяларга байланышы барбы?

Эч кандай байланышы жок. Саясатташтырбагыла.

— Батыш өлкөлөрү Украина маселесинде нейтралдуу болуу мүмкүн эместигин, нейтралдуу болобуз дегендер дагы санкцияларга кабыларын эскертти эле. Бул маселеде позицияларыбыз өзгөрөбү?

Нейтралдуу болуш мүмкүн эмес деп батыш өлкөлөрү эле эмес, ак же кара болгула деп башкалары деле айтып атышат. Эң сонун эле мүмкүн. Украин, беларус, орустар кыргыз, казак, өзбектер сыяктуу эле тилдери окшош, дилдери да окшош бир тууган эл болушат. Качандыр бир убакта баары бир тил табышып алышат. Андан сырткары биз эки тарап менен тең СССР деген мамлекетте 70 жыл бир үй-бүлөдөй болуп жашап келгенбиз. Бир нанды тең бөлүп жегенбиз дегендей.

Албетте, эки тараптан тең адамдар кырылып кеткени жалпыбыз үчүн эле трагедия болуп жатат. Согуш болбосо, жакшы болмок. Согушту болтурбай коюуга эки тарапта тең мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ортодогу эки тарапка тең маалымат ташыгандар туура эмес маалыматтарды беришип, согуш башталып кетти. Эки тарап тең президенттерин адашууга алып барышты. Анын үстүнө ортого от жаккан тараптар дагы согушту токтотконго күч жумшагандын ордуна күчөтүп жатышпайбы. Тескерисинче, Минск келишимин аткаргыла деп катуу талапты коюшса, согуш болмок эмес. Минск келишимине Орусия, Украина эле эмес, Германия менен Франция дагы кол коюшкан экен.

Биз кичинекей эле мамлекетпиз. Таасирибиз деле жок. Бир тарабын колдой койсок эле алар жеңип кетмек беле.

— Россиядагы кырдаал өзгөрүп, ал жакта миграцияда жүргөн мекендештерибиз массалык түрдө Кыргызстанга кайтуу мүмкүндүгүнө өлкөбүз даярбы?

“Башка түшсө - байтал жорго” дейт. Ал жагын деле ойлонуштуруп жатабыз. Кокус массалык түрдө кайтып калышса, бир айласын табарбыз.

— Медиаөкүлдөрүнө басым, куугунтук болгону айтылууда. Ошондой эле акыркы убакта Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткени айтылды. Бул жааттагы өзгөрүүлөр, окуялар тууралуу кабардарсызбы?

Эч кандай басым-кысым жок. Ар ким соцтүйүндөрдө каалаганын сүйлөп эле жатышат го. Айрым ичи бузук медиаөкүлдөрү өз кылмыштарына жооп бербей, кутулуп кетиштин айласын кылып, “кокуй эле кокуй, мени камап атышат” деп кыйкырып чыгып жаткандары бар. Аларды билебиз. Алар - же кылмыштары бар, же иликтегич журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар. Иликтесин, ичип-жегендер болсо бетин ачып беришсин, ал бизге да пайда жана жардам болот. Бирок иликтегичмин деп эле популист болуп, бирөөгө адилетсиз көө жаап жатса, экинчи тарап деле жөн олтурбайт да. Мисалы, кечээ интернеттен өз көзүм менен көрдүм. Али Токтакунов деген иликтегич электрэнергиясын жок даректерге “списать” эткенин таап чыктым деп. Прокуратура үч ай мурун эле иликтеп, жокко чыгарган же “списать” эткен суммаларды төлөтүп жаткан иш. Бул ишти, эсиңиздерде болсо, алты ай мурда эле коопсуздук кеңешинде прокуратурага берип, акчасын кайтаргыла дебедим беле. Бул иш боюнча прокуратура бүгүн дагы иштеп жатат.

— Бишкекте митингдерге чектөө коюлду. Бул Конституцияга каршы келбейби?

Эч ким чектөө койгон жок. Горький паркына барып каалаган күнү каалашыңарча митинг кыла бергиле. Биз жөн гана элчиликтердин алдына барбагыла деп жатабыз. Маданият деген болуш керек да. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүнө илем” деп эле элчиликтердин алдына барып алып эшиктерин каккылап турган кантип жакшы болсун. Башка мамлекеттер менен сый мамиледе болушубуз керек да. Мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол бербейбиз. Кечээ жакында Тажикстан элчилигинин алдына да он чакты киши чыгыптыр. Биз кеч билип калдык. Кийин баарына эскерттик. Мындан ары элчиликтердин алдына барып жатып алууну токтотуш керек. Горький паркына барып митинг өткөрө бергиле. Мага десең түнөп жатып алып өткөр.

Демократия керек бизге. Өмүр бою керек. Бирок ошол демократияны дагы пайдалуу, маданияттуу колдонолу да.

— Тажикстан менен чек арабыз качан чечилет? Дегиле бул багытта кандай иштер жүрүүдө? “Ошол эле Ак үй салгыча, чек араны тоссо болбойт беле” деген да суроолор бар.

Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 км бүттү, 300 км калды. Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, Кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер тосмо койсо болбойт беле деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт. Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам.

— Атамбаев абакта отурат, ал эми ал киши өтүп жаткан кылмыш иш Октябрь окуяларында катышкан делген Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабановдор эркиндикте эле жүрүшөт деп Атамбаевдин тарапкерлери азыркы бийликти кош стандарттулукка айыпташууда. Буга эмне дейсиз?

Эч кандай кош стандарттуулук болбойт. Эгер болуп бараткан болсо, Президент катары, Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, адам укуктарынын кепили катары мен өзүм кийлигишем. Мен деле баарына көз салып олтурам. Кайсы бир чуулгандуу иштерде ашып кетсе, 5-10 күн маалыматтан арта калышым мүмкүн, мага маалымат жетпей калып. Бирок баары бир өлкөдө болуп жаткан иштер боюнча толук маалыматтарды алып турам. Бул маселе боюнча азырынча тергөө кандай тергеди, кимдерге күнөө такты, кимдер жөнүндө тергөөнүн кандай маалыматтары бар, мен билбейм. Балким Бабанов, Казакбаевдер башкаларга окшоп кыргын салабыз деген чакырыктарды жасаган эместир? Соттун чечимин күтпөйлүбү. Эгер адилетсиз чечим чыкса, анан изилдебейлиби, бул маселени.

— Досуңуз, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилеңиздер мурдагыдай, президенттикке чейинкидей элеби? Иштен сырткары кеңешип, сырдашып турасызбы?

Мурдагыдай эле, эч кам санабаңыздар. Дайыма өкмөт башчы, министрлер болуп чогулуп, кеңешип, сырдашып турабыз.

— Камчыбек Ташиевдин уулдары тендерлерде удаасы менен утканы туурасында материал чыгары менен, аны даярдаган команда өкүлү журналист Болот Темировго үч кылмыш иши ачылганы, Темировду суракка чакырып баштаганы маалым болду. Бул өч алуу же журналисттерге кысым эмеспи?

Албетте, мен министрлер жөнүндө эле эмес, губернатор, аким, айыл өкмөттөр жөнүндө дагы чуулгандуу иштер чыкса, текшерүүгө милдеттүүмүн. Бул иш боюнча дагы териштирдим. Үч тендер өтүптүр. Биринчиси Жалал-Абад мэриясы 50 миң сомдук бензинге, экинчиси Жалал-Абад шаардык кеңеши 150 миң сом, үчүнчүсү Жалал-Абад токой чарбасы 200 миң сомго тендер жарыялашат. Текшерүүдө аныкталгандай, мындай майда суммага эч ким тендерге катышпайт. Миллиарддаган долларларга соода кылган “Газпром” катышмак беле. Анан булар май куюучу бекеттери бар “Мока” фирмасынан өздөрү тендерге катышып бергилечи деп суранышып, 67 сомдон бензин сатып алышат. Ошол эле мезгилде май куюучу бекеттерде 69 сомдон сатылып турат. Эгер бул баадан кымбат сатып алса, анда чыгым келтирдиңер деп сурака алсак болот эле. Ушул жерде элге бир нерсени түшүндүрүп коеюн. Эгер жогорудагы мамлекеттик мекемелер тендерсиз 67 сомдон эмес, 17 сомдон сатып алса дагы, укук коргоо органдары тендерсиз сатып алгансың деп жоопко тартмак. Анткени тендер деген мыйзам бар. Тендер деген балээни жок кылуу боюнча мыйзамга кол койдум.

Бир айдан кийин күчүнө кирет. Эми мындан ары мамлекеттик мекемелерде баш оору болбойт.

Ал эми Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Россиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш иели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей.

— Өткөндө Коопсуздук кеңешинин жыйынында айыл чарба багытындагы кредиттерди чоңдордун туугандары эле алып келгенин, мындан ары андайга жол берилбесин айтып, УКМК төрагасына тапшырма бердиңиз эле. Анан жакында эле депутаттардын бири 6 пайыздык кредиттерди кайра эле депутат, министр, чоңдорго тиешеси барлар алып жатканын айтып чыкты. Кабарыңыз барбы? Болсо, кандай реакция кылдыңыз?

Депутат Сурабалдиева айткандар – былтыр мен Коопсуздук кеңешинде айткандар. Мурун алып, кайра төгүп койгондор. Эми мындан ары кандай болуп жатканын көзөмөлгө алабыз. Текшеребиз. Эгер дагы деле чоңдор алып, айыл чарба багытына эмес, бизнеске салып жаткан болсо, чара көрөбүз. Мен ушул меселе боюнча депутаттарга кайрылып кетер элем. Жылдын аягында депутаттык комиссия түзүп, берилген кредиттер боюнча текшерип чыгып, кимдерге берилгенин элге жарыя кылып коюшса жакшы болот эле. Мага да жакшы. Мамлекеттик кызматкерлердин оозунан эмес, депутаттардан чындыкты угат элем.

— Сиздин Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү медиада, соцтармакта дайыма көңүл борбордо болуп келет. Кеп вице-премьер-министр Эдил Байсалов жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев туурасында. Соцтармак колдонуучулары Байсаловду ашыкча мактоого айыптаса, министрди өзүн-өзү билемдикке, мыйзамдарды кенебестикке айыптап келет. Сиздин пикир кандай? Алардын иш-аракеттери туурасында өздөрү менен сүйлөшөсүзбү?

Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо – сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду.

— Ошол эле Эдил Байсалов пенсияга чыгуу жаш курагын жогорулатуу демилгесин көтөргөн. Сиздин пикир?

Эми бул талкуу болуп жаткан эле маселе. Эдил мырзанын демилгеси экен. Акыркы мыйзамга мен кол коем да. Мыйзам жок азыр. Жөн эле дүрбөй бербегиле.

— Ар бир телефон үчүн 700 сомдон алынат, электр тарифтер көтөрүлөт деген сөздөр коомчулуктун сынына кабылды. Айрымдар бир кезде уюлдук байланыш үчүн 60 тыйын алынат деген окуяны эске салышты.

Эч кандай 700 сом алынбайт. Мен каршымын. Ал маселени жок кылгыла деп буйрук бергем.

— Башка дагы тарифтердин көтөрүлүшү күтүлбөй элеби?

Азырынча тарифтер көтөрүлбөйт. Көтөрсөк, эл менен кеңешип, пикир алмашып алып, анан көтөрөбүз.

— Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңешке депутат болуш үчүн жогорку билимдин кереги жок деген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? Колдойсузбу?

Жок, колдобоймун. Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдарды жазыш керек. Ал мыйзамдар мамлекеттин, элдин тагдырын чечүүчү мыйзамдар болот. Анан жогорку билими, тажрыйбасы жок адам кантип мыйзам жазат? Жогорку Кеңешке жүз пайыз жогорку билимдүү депутаттар келиш керек.

— 1 километр жолго бир сом төлөнөт деген дагы мыйзам чыгарды деп жатышат?

Муну да колдобойм.

— Казинолорду ачуу демилгеси кайрадан көтөрүлүп жатат. Ал жакка чет элдиктер эле кирет деп атышат. Бирок коомчулуктун бир бөлүгү буга ишенбегендей...

Ал мыйзам да карала элек азыр. Эгер өтүп калып, мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне мамлекетпиз? Биздин жарандар бут басып кире алышпайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде эле бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошол үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизиши коркунучтуу. Андан сырткары УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жөн олтурмак беле? Казиного кирген жарандарыбызды кармаса, жоопко тартат. Казиного көнүп калган бир депутат бар. Кол тийбестигим бар деп ошол эле барбаса. (Тамаша). Кыскасы, биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз. Малайзияда казино бар. Өз жарандары кирбейт. Аларда да мыйзам ушундай. Айрым мусулман өлкөлөрдө да ушундай тажрыйба бар, өз жарандарына да уруксат берилет.

— Соцтармактагы активисттер сиздин айланаңызда “күмөндүү же репутациясы начар адамдар топтолуп калууда. Айланаңызды тазалаңыз” деген чакырыктарды жазып калышат. Командаңыз купулуңузга толдубу? Ар бир мүчөсүн өзүңүз тандадыңызбы?

Ушул “жаныңдагыларыңды тазала” деген дүжүр сөзгө айланды. Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. “Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң – мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң камаласың” деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик мойнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң - таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, элдер айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Жеке эле мага эмес, элге дагы мамлекеттин иштери дүркүрөп алдыга жылып турушу керек да акыры. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп олтура берсек алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм. Эгер жегенин билип калсак камайбыз. Жегенин жүз эсе кылып кайтартабыз. Мурдагы заман жок азыркы чиновниктерге.

— Коррупциялык иш-аракеттерден келтирилген чыгымдарды камактагы тигил же бул мурунку чиновник төлөп, үй камагына чыкканы же бошотулганы тууралуу маалыматтар маал-маалы менен чыгып турат. Жалпы канча сумма топтолду? Алар каякка коротулуп атат?

Жалпысынан УКМК сегиз миллиарддан ашык каражат төктүрдү. Прокуратура үч милларддын тегерегинде төктүрдү.

Накталай төгүлгөн акчалардын баары түздөн-түз казынага кетип атат. Ал эми мүлктөр болсо мамлекеттик мүлктөр мекемесине өтүп жатат. Каалаган иликтегичтер чогулуп барып УКМК, Прокуратура, ИИМге барып кайда которулуп жатканын иликтеп көрсөңөр болот. Жашыруун эмес. Беришет. Бербей жатса, мага кайрылгыла.

— Алардын бири Райым Матраимов камаларын айттыңыз эле. Камалган жок да?

Камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк. “Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле” деп. Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз? Бир эле Раим эмес, канчалаган чиновниктер мүлктөрүн, акчаларын кайтарып берип, анан чыгып кетишти. Ошол үчүн жалпы кайтарган сумма баш-аягы мүлктөр менен чогуу эсептегенде, сегиз миллиарддан ашты.

— Акимдердин ротациясын баштадыңыз эле. Ушундай ыкма башка тармактар үчүн колдонулабы, мисалы прокурор, соттор үчүн?

30-апрелде жарлыкка кол коем. Соттор 100 пайыз ротация болушат. Ал эми прокуратурада бир айдан бери жүрүп жатат. Башка тармактарда дагы болот. Ушул жылдын аягына чейин бир топ тармактарда ротация бүтөт.

— Өлкөдө оппозиция барбы? Бар болсо кимдерди оппозиция дейсиз? Дегиле сизге оппозиция керекпи же ал иштен алагды кылат деген пикирдесизби?

Оппозиция бар. Алардын болуп турганы жакшы. Алар айткан кемчиликтерди чиновниктер угуп, түздөлүп турушат. Бирок оппозиция десе эле жеке кызыкчылык үчүн калп маалыматтарды таратып, элди дүрбөтпөш керек. Калптын казаны кайнабайт дейт. Көп болсо 4-5 күн ызы-чуу кылышат. Анан эле чындык чыгып калып жатпайбы. Оппозициянын арасында чет өлкөлүк кожоюндарынан акча алып, ошолордун гана кызыкчылыгы үчүн элди көтөрөбүз, революция кылабыз дегендер да бар. Баарын билебиз. Аларга тийбегиле дедим. Биздин өлкөгө акча келе берсин. Оппозицияны бакса да, бизге пайдалуу.

— Токтогул суу сактагычында суу тартыштыгы айтылып келди. Кыш, бактыга жараша, жылуу болду. Эми жайкы сугат маалында дыйкандарга суу тартыштыгы болбойбу?

Быйыл, Кудай буюрса, суу тартыш болбойт. Бүт өлкө боюнча суу насосторун жаңылап бердик. Арыктарын тазалоо үчүн 1 миллиард акча бөлүп бердик. Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда быйыл суу көбүрөөк топтолот деп турабыз. Божомолубуз 13 миллиарддан ашык куб суу болот.

— Коңшу Казакстанга суу беребизби? Берсек, кандай шарттарда? Өзүбүзгө жетпей калбайбы?

Эл аралык нормалардын жана келишимдин негизинде беребиз. Өзүбүзгө да жетет.

— Социалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү. Эми башка тармактардыкы дагы көтөрүлөбү? Эгер көтөрүлсө, качан?

Кудай буюрса, экинчи кварталдан кийин көтөрөбүз деп пландап жатабыз. Кыскасы, быйыл жаңы жылга чейин бардык тармактарга көтөрүп беребиз.

— Сырттан алган карыздар канча болду?

Оппозиция элди дүрбөтүп, 1 миллиард долларга жакын тышкы карыз алды деп айтып жаткан маалымат калп. 2020-жылкы октябрдан берки тышкы карыз болгону 84 миллион долларга көбөйдү. Каржы министрлигине барып иликтегичтер муну да иликтеп чыксаңар болот. Анан да, бул сумма – дагы мурдатан түзүлгөн келишимдин негизинде келген акча. Мындан тышкары бир топ каражаттар грант түрүндө келип жатат. Алар кайтарымсыз. Кыргызстанга жардам катары берип жатышат. Мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кылабыз. Кыскасы, президенттик биринчи мөөнөтүм бүткөнчө, тышкы карызыбыздын, эң жок дегенде, жарымын жаап кеткенге аракет кылам.

— Оппозицияга бириккендер жакында митинг кылабыз. Бул бийлик болбой калды. Кулатыш керек деген ниеттерин билдирип жатышат. Буга көз карашыңыз кандай?

Митингдерге каршы эмесмин. Чыга беришсин. Бирок мени кулатабыз дегендей, мен ичип-жеп, бир туугандарымды министр, губернатор кылып алган болсом же жакындарым мамлекеттик иштерге аралашып бийлеп алган болсо, анда мени кулатабыз дешсе жарашат эле. Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем. Бул пайыз менин президенттик мөөнөтүмдө көбөйбөсө, азайбайт. Мен азайганга жол бербейм. Ошондуктан баш аламандык кылам деген ниети бузуктарды башынан сылабайбыз. Аёосуз жазага тартабыз. Аларга кийин “элдин уулу эле, боштондук” деп кыйкырып чыкпагыла.

— Ата мекендик автобус кураштырган “Белес” ишканасына сиз, андан көп өтпөй Акылбек Жапаров да барып кетти эле. Компаниянын автобустарын алабыз дедиңиз эле. Эми болсо мэрия автобусту сырттан алабыз, алардыкы кымбат деп атат. Анда ата мекендик ишканаларга ким колдоо кылат?

Алардыкын мэрия таптакыр албайбыз деген жок. Мен “10 троллейбус, 10 автобуз буйрутма кылып, алгыла да, сыноодон өткөргүлө” дедим. Сыноо сөзсүз болуш керек. Анткени булар биринчи жолу чыгарып жатышат да. Кандай болот, белгисиз да. 1000-2000 автобус алып алып, анан анын баары жакшы иштебей калса, мамлекеттин акчасы талаага чачылып кеткендей эле болуп калат да. Ийгиликтин эрте-кечи жок. Булардыкын да алабыз, буюрса. Менин максатым – биринчи кезекте ата мекендик өндүрүшчүлөргө буйрутма бериш. Тигине ата мекендик жолчуларды көтөрүп койдум. Мындан ары дагы көтөрөм. Жолдорубузду өзүбүздүн ата мекендик жолчуларыбыз куруп жүрүшөт.

— Соцтармакка канча убакыт коротосуз? Негизи эле соцтармакка пост жазуу же жазбай эле коюу чечимин кайсыл критерийлер менен кабыл аласыз?

Анда-санда убакыт боло калганда бир карап коем. Бирок көп олтурганга убактым жетпейт. Ал эми кайрылуу салыш үчүн сөзсүз кирем. Салып коюп, кайра эле чыгып кетем.

— Уруксат болсо, жеке өзүңүзгө тиешелүү суроолордон да берейин. Жумушка канчада келесиз?

Канчада келесиз эмес, канча саат иштейсиз деп сурасаңыз туура болот. Өкмөт үйүнө ар кайсы убакта келем. Жалпысынан 16-17 саат иштейм. Резиденциядагы президенттик офисте, үйдө дагы иштей берем. Кээде өтө зарыл, эртеңкиге калтырбай турган маселе жаралып калганда, түнкү саат үчтө да министрлерди үйгө чогулта коем.

— Эртең менен канчада турасыз? Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Президенттен түнкү бир убакта деле тапшырма келе берет” деди эле.

Ар кандай убакта турам. Ооба, түнкүсүн да вотсап аркылуу же, жогоруда айткандай, үйгө чогулта коюп, бир топ тапшырмаларды берип турам. Анткени эртең менентен баштап ошол тапшырмаларды аткара башташы керек. Убакыттан утушубуз керек да.

— Бош убактыңызда эмне менен алексиз?

Бассейнде сүзөм. Алтынчы күндөрү футбол ойнойм.

— Кара жумуш кыласызбы?

Зарыл болсо, албетте, кылам. Бирок Президент болгондон бери кыла элекмин.

— Соцтармакта, өзүңүз деле байкасаңыз керек, сын-пикир айткандардын арасында жаштар дагы бар. Жаштарыбызга кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?

Сын-пикирди орду менен айтса, айта беришсин. Бирок ниети бузук, баш аламандык кылабыз деген бузукуларды ээрчип кетип, адашып калышпасын. Көп китеп окушсун. Өнүгүүгө карай умтулушсун.

— Акыркы убакытта, анын ичинде Бакуга болгон расмий сапарыңызда көз айнек тагып жүрдүңүз. Себеби эмнеде?

Бир жарым жылдан бери күнү-түнү тынбай кагаз, компьютер карай берип көзүм бузулду. Компьютерди көз айнексиз карасам тумандап же компьютердин бети чагылышып турат. Көз айнек менен карасам компьютердин бети чагылышпай даана көрүнөт. Ошол үчүн көз айнек тагынам.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич, бизге убакыт бөлүп, суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Маектешкен «Кабар» КУМАнын директорунун орун басары Улан Чойбеков

(Русская версия интервью будет доступна позже)

Комментарии

Оставить комментарий