Салык төлөө жеңилдеди: Акыркы 5 жылдагы өзгөрүүлөр

Экономика
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. 2026-жылдын 10 айында мамлекеттик бюджетке 338 млрд сомдон ашык салык чогултулду.

Салык кызматынан маалымдашкандай, бул каражаттар жолдорду курууга, мектептерди жана ооруканаларды каржылоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө жумшалууда.

Акыркы беш жылда салык системасында жыйымдардын көлөмү гана өспөстөн, салык төлөө тартиби, кызмат көрсөтүү жана ишкерлер үчүн шарттар да өзгөрдү. Негизги беш өзгөрүүгө токтолобуз.

Салык төлөө жеңилдеп, кызматтар санариптештирилди

Мурда бир нече күн талап кылынган иштерди азыр бир нече мүнөттө бүтүрүүгө болот. Салык кызматтарынын дээрлик бардыгы электрондук форматка өткөрүлдү. Калкты тейлөө борборлору, бирдиктүү терезелер жана онлайн сервистер иштеп жатат. Бүгүнкү күндө онлайн салык кызматтарын пайдалангандардын саны 1 млн 700 миңден ашты.

Жаңы технологиялар киргизилди

Салык тармагында заманбап технологиялар кеңири колдонулууда. Салык күзөт тутуму мыйзам бузууларды аныктоого жардам берет. Базарларда жана ири соода борборлорунда салык төлөө процесстери санариптештирилди. Бул ашыкча текшерүүлөрдү жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга шарт түздү.

Бюджетке түшкөн салыктардын көлөмү өстү

Акыркы жылдары салык жыйымдары кыйла көбөйдү:

  • 2021-жылы — 105 млрд сом;
  • 2025-жылы — 308 млрд сом;
  • 2026-жылдын 10 айында — 338 млрд сомдон ашык.

Ошондой эле 2025-жылы Салык кызматы эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу салык чогултуу боюнча планды мөөнөтүнөн мурда аткарган.

Ишкерлер менен түз байланыш күчөдү

Салык кызматы бизнес өкүлдөрү менен ачык диалог жүргүзүүгө көңүл бурууда. Ишкерлердин көйгөйлөрү угулуп, аларды биргелешип чечүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындай кызматташтык салык органдары менен ишкерлердин ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган.

Жарандарга жана ишкерлерге салык жеңилдиктери берилди

Акыркы жылдары бир катар тармактарга жана жарандарга салыктык жеңилдиктер каралды. Алардын негизгилери:

  • айыл чарба жерлери 2030-жылга чейин салыктан бошотулду;
  • транспорт салыгы жоюлду;
  • тигүү жана текстиль тармактарына жеңилдиктер берилди, зергерчилик тармагындагы салык төмөндөтүлдү;
  • креативдүү индустриянын өкүлдөрү беш жылга бирдиктүү салыктан бошотулду;
  • коомдук тамактануу жана курулуш тармактары үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлдү;
  • жылдык кирешеси 15 млн сомго чейинки чакан бизнес салыктан бошотулду;
  • жеке жарандар үчүн жалпы декларация тапшыруу милдети жокко чыгарылды;
  • ишкерлер үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТН) милдеттүү колдонуу талабы жоюлду.