Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда ишкерлерди салыктарды өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө чакырды.
Мамлекет башчысы салыктык түшүүлөр жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды жана спорттук объектилерди курууну каржылоонун негизги булагы экенин белгиледи.
Жолугушууда Аманбаев айылынын тургуну, ишкер Нурбек Рыскулов Казакстандан ташылып келген көмүрдү сатууга байланыштуу кошумча салык эсептелип, айып пул салынганы боюнча маселе көтөрдү.
Анын айтымында, ал 2023-жылдан бери коңшу өлкөдөн көмүр импорттоо менен алектенип келет. 2024-жылдын биринчи жарымында УКМКнын жана Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын катышуусунда жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин ага кошумча салыктар эсептелген. Ишкер өзү ташылып келген көмүр үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) өз убагында төлөп келгенин билдирди.
Кошумча салык көмүрдүн баасы 9 миң 300 сом деп көрсөтүлгөнүнө байланыштуу эсептелген. Ишкер көмүр Казакстандан Маймак станциясына жеткирилип, ошол жерден сатылганын, ал эми көрсөтүлгөн баа Талас шаарындагы чекене сооданын статистикалык маалыматына негизделгенин түшүндүрдү. Маймак станциясы шаардан 100 чакырымдан ашык аралыкта жайгашканын жана жеткирүүчүлөр менен сатып алуучулардын ортосунда ортомчулар бар экенин белгиледи.
Рыскулов бул чечимге каршы Талас шаардык, облустук жана Жогорку сотко кайрылганын, бирок аны кайра каратууга жетише албаганын айтты.
Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев текшерүү учурунда Маймак станциясы боюнча өзүнчө статистикалык маалыматтар жок болгондуктан, Салык кызматы Талас шаарындагы бааларга таянганын билдирди. Натыйжада ишкерлерге кошумча салыктар эсептелип, айып пулдар салынган.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов текшерүү УКМКнын катышуусунда жүргүзүлгөнүн жана сот чечимдери мыйзамдуу күчүнө киргенин белгиледи. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, эсептелген суммалар төлөнүшү керек. Ошол эле учурда ишкерге карызын банктык кепилдиксиз эки жыл ичинде бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берилиши мүмкүн.

Маселени кайра кароо мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, Шыкмаматов көмүрдү импорттоодо дүң сатуучулар салыктык отчеттордо иш жүзүндөгү баадан төмөн бааны көрсөтүшү мүмкүн экенин, ал эми салык органдары чекене бааларга таянарын түшүндүрдү. Мындай ыкманы өзгөртүү башка ишкерлерди да салыктан бошотуу зарылдыгын жаратышы мүмкүн экенин кошумчалады. Ошондуктан карызды бөлүп төлөө гана мүмкүн болгон чара экенин билдирди.
Эки тараптын оюн уккан Садыр Жапаров ишкерлерди салыктан качпоого чакырып, салыктык түшүүлөр мамлекеттик бюджетти толуктоо жана өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн зарыл экенин баса белгиледи.
”Эгер баары салык төлөөдөн качса, бюджетти кантип толтурабыз? Жолдорду, спорт комплекстерин, мектептерди жана бала бакчаларды кантип курабыз, Куралдуу күчтөрдү кантип чыңдайбыз? Салыктан качпагыла, төлөгүлө. Ошондо силер тапкан акча да береке алып келет”, — деди мамлекет башчысы.