Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өкмөткө картошка жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоодо кошумча нарк салыгын (КНС) алып салуу маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Анда картошка жана төө буурчак өстүргөн дыйкандардын атынан Мелис аттуу тургун президентке кайрылып, Өзбекстанга айыл чарба продукцияларын экспорттоодо КНС алуу тартибин кайра карап чыгууну өтүндү.
Анын айтымында, 2022-жылы Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандык өндүрүүчүлөргө картошканы жети өткөрмө бекет аркылуу экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошол учурда картошка жана төө буурчакты экспорттоодо КНС алынган эмес. Бирок быйыл салык кайра киргизилип, бул дыйкандарга кошумча чыгым келтирүүдө.
Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү буга чейин КНСти алып салуу бир жолку чара болгонун түшүндүрүштү. Экономика министрлигинен да мындай чечим белгилүү бир мөөнөткө гана кабыл алынганын билдиришти.
Президент картошканы экспорттоодон алынган КНС бюджетке канчалык көлөмдө киреше алып келерин сурап, экспортко чыгарууга продукция жетиштүү болсо, салыкты алып салуу мүмкүнчүлүгүн кароо керектигин белгиледи.
“Картошкага болгон кошумча салыкты алып салгыла. Дыйкандар үчүн, жашылча-жемиштерге карата бул салыкты жойгула” — деди Садыр Жапаров.
Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы бул маселени өкмөт менен биргеликте карап чыгып, Кыргызстан тараптан экспорттолгон айыл чарба продукцияларына КНСти алып салуу боюнча чечим кабыл алууну тапшырды.