Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Курулуш сектору экономиканын эң жогорку өсүү темпин көрсөтүп, 2026-жылдын январь–октябрь айларында 61,5%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, натыйжада курулуш тармагынын көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү. Каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 422,9 млрд сомду түздү.
Бул мезгилде "Менин үйүм" программасынын алкагында 7 366 батир, 33 мектеп, 3 оорукана, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана 37 мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди.
Ошондой эле 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Бишкек Арена" стадиону, "Ырыс Ордо" конгресс-холлу жана "Элдик Банк" ААКсынын жаңы башкы кеңсеси ишке берилди.
Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү багытында Балыкчы–Кочкор темир жолунун 63 чакырымдык жаңы бөлүгү пайдаланууга берилди. Каракол, Казарман, Нарын жана Кербен шаарларында жаңы аэропорттор курулуп, иштеп жаткан аэропорттор жаңыланды.
Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу сыяктуу стратегиялык долбоорлор ишке ашырылууда