Кийинки жылы ИДП 2,7 трлн сомдон ашат деп болжолдонууда

Экономика
Кийинки жылы ИДП 2,7 трлн сомдон ашат деп болжолдонууда
copyright icon ИИ

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Адылбек Касымалиев 2027-жылы ИДПнын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашык деңгээлде болжолдонуп жатканын маалымдады.

Бул тууралуу минкаб башчысы Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, консолидацияланган бюджеттин ресурстарынын жалпы көлөмү 1 трлн 53 млрд сом өлчөмүндө пландалууда.