2027-жылы консолидацияланган бюджет 1 трлн 53 млрд сомду түзөт

Экономика
2027-жылы консолидацияланган бюджет 1 трлн 53 млрд сомду түзөт

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Консолидацияланган бюджеттин ресурстарынын жалпы көлөмү 1 трлн 53 млрд сом өлчөмүндө пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштыруу учурунда билдирди.

Касымалиев 2027-жылы ИДПнын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашык деңгээлде болжолдонуп жатканын маалымдады.