Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Жергиликтүү жамааттардын демилгелери аймактарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев Бишкекте өткөн жергиликтүү демилгелер форумунда билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү өнүгүү бийликтин гана эмес, бүтүндөй жамааттын биргелешкен жоопкерчилиги болуп саналат. Ал эми жергиликтүү демилге — өз аймагынын келечегине кайдыгер карабаган жарандардын аракети жана өнүгүүгө кошкон салымы.
”Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы“ долбоорунун экинчи этабынын алкагында уюштурулган форумда жарандардын жергиликтүү маселелерди чечүүгө катышуусун кеңейтүү, демилгелерди колдоо жана ийгиликтүү тажрыйбаларды жайылтуу маселелери талкууланды.
Иш-чарада жергиликтүү бюджет, аялдардын демилгелери, ишкердикти өнүктүрүү жана билим берүү багыттарындагы тажрыйбалар каралды. Ошондой эле 2024-2027-жылдарга карата жергиликтүү жамааттардын демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасынын маанисине көңүл бурулду.
Форумдун алкагында жергиликтүү бюджет, аялдардын демилгелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбалары боюнча сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды.