Түтүнгө муунган тургундар: Кара-Балтада ишкана жабылды

Коом
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кара-Балта шаарында абанын булганышына байланыштуу тургундардан көптөгөн даттануулар түшкөндөн кийин “Азия Сталь” ишканасынын индукциялык эритүү мештеринин иши токтотулду. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган мешке пломба коюп, сотко кайрылышты.

Түтүнгө муунган тургундар: Кара-Балтада ишкана жабылды

Кара-Балта шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан атмосфералык абанын булганышынын алдын алуу жана зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрүлүүдө.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын экологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Расул Жусупов билдиргендей, “Азия Сталь” ишканасынын ишмердүүлүгү шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде текшерилген.

Түтүнгө муунган тургундар: Кара-Балтада ишкана жабылды

Анын айтымында, буга чейин ишканага аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилген, бирок белгиленген талаптар аткарылган эмес. Буга байланыштуу адистер протокол түзүп, түтүн менен зыяндуу заттарды абага болуп чыгарган мештин ишин токтотушкан.

Түтүнгө муунган тургундар: Кара-Балтада ишкана жабылды
"Учурда ишкана 10 күндөн бери иштебей турат. Анын иши токтотулгандан бери тургундардан абанын булганышына байланыштуу даттануулар түшкөн жок. Ошондой эле мурда берилген көрсөтмө аткарылганга чейин зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган ишкананын ишин убактылуу токтотуу боюнча доо арыз менен Жайыл райондук сотуна кайрылдык", — деди ал.

Жусуповдун айтымында, алгачкы текшерүүлөр февраль–март айларында жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында ишканага бир катар талаптарды аткаруу, анын ичинде түтүндүн өндүрүштүк жайдын сыртына таралышына жол бербөө үчүн тосмо конструкцияларды орнотуу милдети коюлган.

Бирок ишкананын жетекчилиги кошумча каражат тартуу зарылдыгын жүйө келтирип, көрсөтмөнү аткаруу мөөнөтүн бир нече жолу узартып берүүнү өтүнгөн.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын башчысы Тойали Анарбаев билдиргендей, буга чейин ишканада жарандардын кайрылууларынын негизинде бир нече жолу пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Түтүнгө муунган тургундар: Кара-Балтада ишкана жабылды
"Берилген көрсөтмөлөр аткарылбагандыктан, зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган индукциялык мешке пломба коюлду. Учурда пломбаланган меш иштебей турат. Анын ишин токтотуу талабы менен сотко кайрылдык", — деди ал.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспектору Улар Кудайбергенов эритүүчү мештерге металлды салган учурда түтүн кыска убакытта көп өлчөмдө бөлүнүп чыгышы мүмкүн экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, зарыл болгон тосмо конструкциялар орнотулбагандыктан, түтүн өндүрүштүк жайдын каптал бөлүктөрү аркылуу сыртка чыгып, жакын жайгашкан турак жайларга карай тарашы мүмкүн.

Түтүнгө муунган тургундар: Кара-Балтада ишкана жабылды

Ошондой эле ал документтерге ылайык, ишканада эки индукциялык меш каралганын, бирок адистер текшерүү учурунда төрт мешти аныкташканын билдирди. Мындан тышкары, өндүрүш объектилерин жана техникалык документтерди белгиленген талаптарга ылайык келтирүү зарылдыгы белгиленди.

Кызматтын адистеринин маалыматына караганда, ишкананын өкүлдөрү көрсөтмөлөрдү аткаруунун кечеңдешин кошумча инвестиция тартуу зарылдыгы менен түшүндүрүшкөн. Ошондой эле Кытайдан чыпкаларга буюртма берилгенин билдиришкен. Бирок инспектордун айтымында, текшерүү учурунда аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп жатканы байкалган эмес.

Бул иш боюнча соттун алгачкы отуруму 27-октябрга белгиленген. Иш сотто каралып, көрсөтмөнүн талаптары аткарылганга чейин зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган мештер иштетилбей турмакчы.