Таш-Көмүрдө спорт комплекси жана 150 орундуу оорукана курулууда

Таш-Көмүрдө спорт комплекси жана 150 орундуу оорукана курулууда

Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында спорт комплекси, сейил бак жана 150 орундуу шаардык борбордук оорукана курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуусунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Президенттин турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен шаарды өнүктүрүүгө, анын ичинде ички жолдорду асфальттоого, спорт комплексин, сейил бакты жана борбордук оорукананы курууга каражат бөлүнгөн.

Мындан тышкары, коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу максатында атайын багыттагы 11 техника сатып алынып, жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.