Өлкөдө 11 мамлекеттен келген куткаруучулар машыгуу өткөрүшөт

Загрузка... 16 Август 2025 12:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 16.08.25. /Кабар/. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда тоо куткарууга даярдоо боюнча XI эл аралык курсу расмий ачылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун алкагында өтүүдө.

Министрдин орун басары Урматбек Шамырканов дүйнөнүн 11 мамлекетинен келген тоо куткаруучуларын кабыл алып, алардын ар бири менен жакындан таанышты.

Жаратылышы кооз, тоолуу кыргыз өлкөсүндө тажрыйба алмашуу, квалификацияларын жогорулатуу жана тоо-кен куткаруу иштери жаатында такшалуу үчүн маанилүү аянтчага мүмкүнчүлүк алгандары менен куттуктап, машыгууларына ийгилик каалады.

“Тоодо куткаруу иштеринде ыкчам, күжүрмөн, кесипкөй болуу канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан бул курстарды он биринчи жолу өткөрүү биз үчүн чоң сыймык”, - деди ал.

Маалымат үчүн: Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн куткаруучулары Кыргызстанда 2012-жылдан бери суу объектилеринен жана тоодон куткаруу чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу максатында курстардан өткөрүлүп келет. Бул жылдар аралыгында 16дан ашык өлкөдөн келген 130 куткаруучу окутулду.

Быйылкы жылы Алжир, Египед, Пакистан, Сербия, Грузия, Сауд Арабия, Азербайжан, Марокко, Россия, Палестина жана Беларусь мамлекеттеринен келишти.

Эки жумага созулган бул курста теория, практика, командада иштөө жана тажрыйба алмашуу программалары каралган. Жыйынтыгында окуудан өткөндүгүн тастыктоочу сертификатка ээ болушат.

Чет өлкөлүк куткаруучулар кыргыз тараптын жылуу тосуп алып, жагымдуу шарттарды түзүп берип жаткандыгына ыраазычылык билдирип, билимин тереңдетүү менен адам өмүрүн, коопсуздугун коргоо боюнча бай тажрыйбаларга ээ болуп кайтышарына ишеним артышты.

Белгилей кетсек, суу объектилеринде куткаруу иштери боюнча курс Ысык-Көлдө ӨКМдин Суучулдар борборунда расмий ачылды.