Эки-Нарын көпүрөсүн куруу иштери башталды

Аймак Загрузка... 16 Август 2025 13:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 16.08.25. /Кабар/. Нарында Эки-Нарын көпүрөсүн куруу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрдининен билдиришти.

Бүгүн транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна иш сапары менен барды.

Ал президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен бирге Эки-Нарын айылынын тургундары менен жолугушту.

Бүгүнкү күндө Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн курулушу башталды. Жерине техникалар тартылып, бетон куюу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Эки-Нарын айылына жетүү үчүн альтернативдик жол даярдоо иштери да уланууда. Министрликке караштуу №8 жол тейлөө ишканасы тарабынан тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

Эки-Нарын жана Орук-Там айылдарынын тургундары үчүн каттам Кара-Кужур-Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн КаМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна түшүп кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган А.А. аттуу жаран сууга түшүп кетип, анын сөөгү күн мурун табылды.