Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 27-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу болбойт: Күлтегин – Гидростроительная – Дордой – Ибраимов – Курманжан датка – 12-көчө – Набережная – 8-көчө – Курманжан датка – Күлтегин.
Суу берүү "Энесай" суу алгычында оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу убактылуу токтотулат.
Мындан тышкары, саат 09:00дөн 00:00гө чейин Малдыбаев – Ахунбаев – Тыныстанов – Абдрахманов – Саманчин – 9-кичи район көчөлөрү менен чектелген аймакта да суу болбойт.
Бул аймакта суу берүү диаметри 300 миллиметр болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.