Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бишкектеги Крупская көчөсүнүн Кустанай көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейинки тилкесинде жаңы тротуар курулууда. Бул тууралуу мэрия билдирет.
Маалыматка ылайык, даярдыктын алкагында шаардык кызматтар инвентаризация жүргүзүп, муниципалдык жерди ээлеп алган 50гө жакын объектти аныкташты.
Объект ээлерине эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 450 чарчы метрге жакын жер бошотулууда. Жер ээлеринин жарымы тосмолорун өз ыктыяры менен алып салышты.
Учурда Кустанай көчөсүнөн Заводская көчөсүн көздөй бордюрлар орнотулуп, мыйзамсыз ээленген тилкелерди бошотуу улантылууда.