Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик органдарда электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жарандардын кайрылууларына жооп берүүнүн мөөнөтү жана сапаты көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев ”Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында студенттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана ашыкча кагаз иштерин кыскартуу максатында 11 протокол түзүлүп, алардын ар биринде бир катар тапшырмалар каралган.
”Мамлекеттик органдарда электрондук документ жүгүртүү системасы колдонулуп жатат. Анын жардамы менен жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтү жана сапаты көзөмөлдөнөт. Эгерде жооп кечиктирилсе же талаптагыдай даярдалбаса, система бул жагдайды аныктап, жооптуу кызматкерге карата чара көрүүгө негиз түзөт”, - деди ал.
Ошондой эле ал белгилегендей, электрондук документ жүгүртүү кызматкерлердин жумуш жүгүн тең бөлүштүрүүгө жана документтердин аткарылышынын сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.
“Бул иштер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга, бюрократияны азайтууга жана кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган”, - деди ал.