Унаа тармагындагы динамика: өлкөдө реэкспорт активдешип, электромобилдердин саны өсүүдө

Экономика Загрузка... 15 Май 2026 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Быйылкы жылдын 1-январына карата өлкөдө катталган унаалардын жалпы саны 1 млн 946 миң 772ни түзгөн. Автоунаа рыногу акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, импорттун жогорку агымы менен катар электромобилдердин көбөйүшү жана Кыргызстан аркылуу унаалардын реэкспорту күч алууда.

Унаа импортунун көрсөткүчтөрү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанга 25 миң 892 жеңил автоунаа импорттолгон. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 39 пайызга көп. Акчалай эсептегенде импорттун көлөмү 17 миллиард 776,3 миллион сомго же болжол менен 203,3 миллион АКШ долларына жеткен.

Кыргызстанга жеңил автоунааларды эң көп экспорттогон өлкөлөр:

  • Кытай — 12 миң 687 автоунаа (111,7 млн доллар);
  • Түштүк Корея — 8 миң 799 автоунаа (47,7 млн доллар);
  • АКШ — 1 миң 329 автоунаа (12,1 млн доллар);
  • Япония — 715 автоунаа (7,3 млн доллар).

Ал эми 2025-жылдын январь-декабрь айларында Кыргызстан 139 миң 65 жеңил автоунааны импорттоп, ага 1 млрд 78,6 млн доллар жумшаган.

Электромобилдердин саны туруктуу өсүүдө

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан билдиришкендей, импорт электр энергиясы менен жүрүүчү транспорт каражаттарынын саны туруктуу өсүүдө. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 3 миң 122 электромобиль катталган. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 9 миң 870 бирдикке жетип, 216%га өскөн.

2025-жылдын жыйынтыгында республика боюнча катталган электромобилдердин жалпы саны 15 миң 278 бирдикти түзгөн.

Өсүү тенденциясы 2026-жылы да уланууда. 2026-жылдын алгачкы төрт айында эле 5 миң 445 электромобиль катталды. 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында электромобилдердин жалпы саны 19 миң 47 бирдикке жетсе, учурдагы көрсөткүч боюнча 20 миң 697 бирдикти түзүп, 2025-жылга салыштырмалуу 35,5%га өстү.

Мындан тышкары, 2026-жылдын кыска мезгили ичинде электромобилдердин саны дагы 1 650 бирдикке көбөйүп, дээрлик 9% өсүш катталды.

Электромобилдерге болгон кызыгуунун өсүшү жарандардын экологиялык жактан таза жана үнөмдүү транспортко болгон суроо-талабынын жогорулашы, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо боюнча санариптик кызматтардын өнүгүшү жана жол-жоболордун жөнөкөйлөштүрүлүшү менен байланыштуу.

Ата мекендик Chevrolet унаалары

2024-жылдан тарта Chevrolet үлгүсүндөгү унааларды жасап чыгарган алгачкы “Tulpar Motors” ата мекендик автозаводу өз ишин алып барууда. Ал негизделгенден бери 3937 автоунаа чыгарган.

Компания Captiva, Tracker, Onix, Cobalt, Damas жана Labo үлгүсүндөгү унааларды чыгарып келет. Жакынкы күндөрү Tahoe жол тандабасынын бет ачарын өткөрдү.

Ошондой эле Кыргызстанда мамлекеттик жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн Chevrolet Kyrgyzstan компаниясынын жылдык 4 пайыз менен берилүүчү “Жеңил” аттуу атайын автонасыя программасы ишке кирди. Андан сырткары, бул компаниянын унаалары мамлекеттик мекемелерге кызматтык унаа катары берилип келет. Маселен, күн мурун бул ата мекендик өндүрүшкө тийиштүү унаалар Агартуу министрлигине жана Кадастр агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнө тапшырылды.

Реэскпорт боюнча адистин пикири

Экономист Кубан Чороев Кыргызстан акыркы үч-төрт жылдын ичинде Борбор Азиядагы автоунаа логистикасынын негизги түйүнү катары калыптанды деп эсептейт.

Анын айтымында, импорт ички керектөөнү канааттандыруу деңгээлинен бир топ ашат.

“Россиялык "Автостат" агенттигинин маалыматы муну тастыктайт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Россияга автоунаа жеткирүүдө биринчи орунга чыгып, 53,6 миң унаа жөнөткөн. Ал эми 2026-жылдын март айында эле Кыргызстан аркылуу Россияга дээрлик 9 миңге жакын унаа экспорттолду. Бул Кыргызстанды Россиянын автоунаа базарындагы Кытайдан кийинки негизги жеткирүүчү өлкөлөрдүн бирине айлантып жатат.

Бул процесстин экономикага таасири да чоң. “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттары жөн гана чек ара эмес, толук кандуу логистикалык түйүндөргө айланып, бажы тариздөө, сактоо жана тейлөө багытында жаңы жумуш орундарын түзүүдө. Ошондой эле Кыргызстан автоунаа тетиктери боюнча да активдүү реэкспортко өттү — акыркы эки айда 2 958 тонна унаа тетиги экспорттолуп, анын басымдуу бөлүгү Россияга жөнөтүлгөн.

Бул көрүнүш ички рынокко да таасир берип жатат. Акыркы жылдары 5 жылга чейинки унаалардын үлүшү кыйла өстү.

Албетте, бул тармакта кыйынчылыктар да бар. Россиянын утилизациялык жыйымы жана Кытайдын экспортко байланышкан жаңы эрежелери мурдагы арзан реэкспорт схемаларын татаалдаштырды. Бирок мунун жыйынтыгында Кыргызстан акырындап “арзан өткөрүүчү өлкө” моделинен чыгып, расмий дилерлик жана логистикалык хабга айланып бара жатат”, - деп белгиледи Кубан Чороев.

Ошондой эле “Asia Motors” компаниясынын коммерциялык директору Азат Нурдиновдун айтымында, Россияга киргизилген санкциялар автоунаа рыногуна олуттуу таасир тийгизип, мурда иштеп келген бир катар унаа компанияларынын саны кыскарган. Натыйжада рынокто негизинен Кытай өндүрүшүндөгү унаалар үстөмдүк кылып калган. Аны алар Кыргызстан аркылуу алышууда.

Ал белгилегендей, Кыргызстанга унаалар негизинен Корея, Дубай жана АКШдан алып келинет.

“Учурда жарандар арасында өзгөчө суроо-талап Hyundai жана Toyota сыяктуу бренддердин мурда колдонулган жана салондук унааларына жогору,” - дейт ал.

Ошондой эле Азат Нурдиновдун айтымында, аймактагы баа саясаты да ар башка. Мисалы, Казакстанда унаалардын баасы Кыргызстанга салыштырмалуу арзаныраак экенин белгиледи.