Ысык-Көл, 06.08.26 /Кабар/. Бүгүн, 6-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында эки мамлекеттин соода-экономикалык жана өнөр жай потенциалын чагылдырган масштабдуу көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөгө ата мекендик табигый экологиялык продукциялар, айыл чарбасы жана өнөр жай тармагы үчүн атайын техникалар, ошондой эле салттуу кол өнөрчүлүк жана жеңил өнөр жай буюмдары коюлган. Мындан сырткары, катышуучуларга Кыргызстандын жана Россиянын аймагында өндүрүлгөн автоунаалар сунушталды.
Белгилей кетсек, 5-6-7-август күндөрү Ысык-Көлдө “Кыргызстан 2030: КР менен РФнын аймактарынын өнөктөштүгү – өсүштүн кыймылдаткычы” аталышындагы VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтүүдө.
Форумдун жүрүшүндө өнөр жай, энергетика, транспорт-логистика, санариптештирүү жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган 30дан ашык меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө.