Татарстан Кыргызстанга кандай айыл чарба азыктарын экспорттойт?

Экономика Загрузка... 13 Июль 2026 13:25
0a3b4f90b327e7fdb3994a6484404e9a.jpg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстан менен Татарстандын өкмөтү соода-экономикалык байланыштарын мындан ары да арттырууга өзгөчө маани берип келет. Расмий маалыматтарга ылайык, былтыр Татарстандан Кыргызстанга 11,5 млн АКШ долларын түзгөн айыл чарба товары экспорттолгон. Учурда Татарстан экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн дагы да кеңейтүүгө басым жасап жатат. “Кабар” агенттиги аталган өлкөнүн айыл чарба тармагындагы соода-экономикалык потенциалы тууралуу айтып берет.

Татарстандык ишкер Рамиль Яронин 7 жыл мурда чай өндүрүүчү чакан ишкана ачкан. Жылдан-жылга өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп отуруп, чакан цехин учурда ири фабрикага айланта алды.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 10.06.13 (2)

Ишкердин айтымында, бүгүнкү күндө чайдын 50дөн ашык түрү чыгарылат. Продукциясы АКШга, КМШ өлкөлөрүнөн Казакстан, Өзбекстанга экспорттолууда.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 10.06.13 (1)
“Бизге өнөктөш кооперациялар ар түрдүү чөптөрдү, мөмө-жемиштерди өстүрүп алып келишет. Биз кайра иштетүү менен 50дөн ашык түрдөгү чайларды жана ширелерди өндүрөбүз. Биз өткөн жылы 45 млн рубль суммасындагы товарды сатууга жетише алдык. Жылдан-жылга биздин продукциянын сатыкка чыгарылчу аймагы кеңейип жатат. Биз продукцияларыбызды айрыкча соода түйүндөрү жана онлайн соода аянтчалары аркылуу сатуудабыз”, - деди ал.

Ошондой эле Рамиль Яронин белгилегендей, учурда косметика каражаттарын чыгарууну да колго алышууда. Товарлардын ассортиментин көбөйтүп, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу менен алектенүүдө.

Кыргызстан менен Татарстан бүгүн жаңы өнөктөштүктөрдү түзүп, ошол эле маалда байланыштарды бекемдеп жатат. Мунун баары өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 10.06.13

Экспорт жаатындагы статистикалык маалыматтарга таянсак, өткөн жылы Татарстандан 539,4 млн долларлык айыл чарба продукциялары 49 өлкөгө экспорттолгон.

Татарстандын айыл чарба министри Рустем Гайнуллов “Кабар” агенттигине билдиргендей, Татарстан менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Ошондой эле, айыл чарба тармагы үчүн конкреттүү максаттар бар. Учурда бул багыттагы иштер Жол картасы аркылуу ишке ашырылып жатат.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 10.00.31 (1)

Рустем Гайнулловдун маалыматы боюнча, Кыргызстанга өткөн жылы 11,5 млн долларлык айыл чарба продукциясы экспорттолгон.

“Соустар, кетчуптар, кыямдар жана башка продукциялар биздин экспорттун негизги бөлүгүн түздү. Бул жылы, май айына чейин, алгачкы беш айдын жыйынтыгы боюнча, биз дээрлик 6 млн долларлык товарды экспорттодук. Май азыктары, айрыкча күн карама майы экспорттун негизги бөлүгүн түзөт. Албетте, биз Кыргызстанга экспортту туруктуу түрдө өнүктүрүүнү улантышыбыз керек. Бул үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр биз анын үстүндө иштеп жатабыз. Жол картасына кол коюлду. Бул жол картасына, атап айтканда, өсүмдүктөр, мал чарбачылыгы, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу кирет. Мунун баары биригип, биздин эки тараптуу мамилелерибизди өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн оң натыйжа берет деп ишенебиз”, - деди Татарстандын айыл чарба министри.
WhatsApp Image 2026-07-13 at 10.00.31 (7)

Татарстан айыл чарба тармагындагы байланыштарын арттырууга максатында Казань шаарында “Казань Экспо” эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүн өткөрдү.

fba038107b5c9a1755ab6e489d72c76b

Бул аянтчага Россиянын 400дөн ашык ири компаниялары жана Беларусь, Кытай жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Көргөзмөгө үрөндөн тартып жаңы айыл чарба техникасына чейин коюлду.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 10.00.30 (1)

“Казань Экспо” көргөзмөсүндө эксперттер, өндүрүүчүлөр, инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү маселелерин талкуулаганга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул өз кезегинде жаңы идеялардын жаралышына, жаңы өнөктөштөрдү табууга өбөлгө болуп берет.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 10.00.31 (6)

Татарстан айыл чарба тармагын өнүктүрүү максатында кооперациялардын санын жогорулатууга жана алардын ишин кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп келет. Татарстандын раиси Рустам Минниханов белгилегендей, бул тармакты өнүктүрүү үчүн жыл сайын атайын техникалар менен камсыздоо, керектүү жабдууларды сатып алууга субсидияларды берүү жана башка багыттарда иштер уланууда.

319de714b77cf0ac9ce5b26ad75c4e6c
“Республика боюнча 43 райондо кооперациялар иш алып барат. Алардын көмөгү аркылуу калк жеткиликтүү баадагы сапаттуу товарлар менен камсыз болууда. Мунун арты менен кооперацияларга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Өндүрүш көлөмү өткөн жылы 10%га өскөн. Бул 14 млрд рублден ашык сумманы түзду. Заман талабына жараша кооперацияларга жаңы кадрларды даярдоо максаты коюлган. Мындан улам Казандагы кооперациялык институтта жогорку квалификациялуу жаш кадрлар даярдалууда. Бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн”, - деди Рустам Минниханов.