Тарыхта биринчи жолу: "Кыргызалтын" чет элдик алтынды ийгиликтүү кайра иштетип чыкты

Экономика Загрузка... 16 Июнь 2026 12:20
ETFs_and_the_Rehypo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. "Кыргызалтын" ААК Монголиянын Борбордук банкы тарабынан жөнөтүлгөн Доре куймасы түрүндөгү алтын камтыган чийки затты "Аффинаж заводу" филиалында кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды.

Компаниядан билдиришкендей, бул долбоор Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында чет элдик Доре куймасын өлкө аймагында кайра иштетүүнүн биринчи учуру болуп калды жана баалуу металлдар чөйрөсүндөгү кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат.

Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы "Кыргызалтын" ААКтын заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарга, зарыл технологиялык мүмкүнчүлүктөргө жана эл аралык абройго ээ экендигин дагы бир жолу тастыктап, чет өлкөлүк өнөктөштөргө чийки затты кайра иштетүү жана 999,9 сапаттагы жогорку продукцияны чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү.

"Бул долбоордун алкагында Good Delivery статусуна ээ болгон даяр продукцияны дүйнөлүк биржада сатуудан түшкөн жалпы суммасы 12 млн доллардан ашты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Кыргызалтын" ААК эл аралык LBMA (Good Delivery) аккредитациясына ээ. Бул аккредитация ишканада өндүрүлгөн алтындын сапатынын жана анын келип чыгышын көзөмөлдөө системасынын эң жогорку эл аралык талаптарга жооп берерин ырастайт. Мунун аркасында ишкана баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда Европанын алдыңкы аффинаж заводдору менен тең иш алып барып, эл аралык комплаенс талаптарын сактоодо.

Өндүрүлгөн продукциянын сапат жана жоопкерчиликтүү камсыздоо стандарттарын камтыган эл аралык рыноктун талаптарына шайкештиги анын борбордук жана коммерциялык банктар, каржы институттары жана баалуу металлдардын ири трейдерлери тарабынан таанылышын камсыздап, ошондой эле дүйнөлүк рынокто эл аралык баалар боюнча сатылышына мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоорду ишке ашырууда "Кыргызалтын" ААКтын Борбордук илимий-изилдөө лабораториясы өзгөчө маанилүү роль ойнойт. Комплекс баалуу металлдарды эл аралык стандарттарга жана LBMAнын лабораториялар аралык салыштырма сыноолорунун талаптарына ылайык талдап, ата мекендик адистердин жогорку кесипкөйлүгүн дагы бир жолу тастыктоодо.