• 89.51
  • 97.09
  • 0.97
  • 0.2

И.о.президента Талант Мамытов поздравил кыргызстанцев с Новым 2021 годом

Президент 0

Читайте и смотрите нас в

Бишкек, 01.01.21. /Кабар/. Исполняющий обязанности президента Кыргызстана Талант Мамытов поздравил кыргызстанцев с Новым 2021 годом.

Текст новогоднего поздравления:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Кирип келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер!

Биз – баарыбыз ар жылы, 31-декабрда, бир адам – Кыргыз Республикасынын Президенти жаңы жылдык куттуктоо сөз айтаарына көнүп калганбыз.

Бирок өтүп бараткан жыл бурулуш жыл болду.

Кыргызстандын эң чоң сыймыгы айкөл элибиз экенине күбө болдук.

Өлкө башынан өткөргөн оор күндөрдө элибиз, мамлекет жасай турган иштердин «жеңилин жерден, оорун колдон алып», тең бөлүштү.

Мына ошондуктан, бул жылы кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен дал ошол биздин замандын каармандары дагы куттукташы керек деп эсептейм!».

(поздравления героев):

Медицина кызматкери:

- Кыргыз элибизге чың ден соолук, узун өмүр тилейм жана эң жакын адамдарыбыз жаныбызда болушун каалаймын!

Укук коргоо кызматкери:

- 2021-жыл тынчтыктын жылы болушун каалаймын. Асманыбыз ачык болсун!

Волонтер:

Наш народ всегда славился сплоченностью и умением объединяться в самые сложные времена. Весь мир с удивлением и вдохновением наблюдал за нашими отважными и смелыми волонтерами, поэтому я хочу пожелать такой же дружбы и отзывчивости между каждым из нас.

«Тазалык» ишканасынын кызматкери:

- Дем алган абабыз таза болсун! Жалпы өлкөбүздө, шаарларыбызда тартип болуп, таштанды ташталбасын!

Гражданский активист по защите прав людей с инвалидностью:

- Пусть в обществе всегда будет взаимопонимание, солидарность и трудолюбие. Пусть в новом 2021 году будет много новых побед и достижений!

Спорт чөйрөсүнүн өкүлү:

- Биз өлкөбүздөн дүйнөлүк чемпиондор көп чыгышын каалайбыз! Албан-албан ийгиликтерге жетели! 2021-жылыбыз жаңы жеңиштер менен коштолсун!

Дружинник:

- Только в нашей стране можно встретить настолько бесстрашный, сплоченный и сильный духом народ, ведь когда надо мы всегда готовы выйти на защиту нашей Родины!

Мугалим:

- Биздин жаштарыбыз дайыма билимдүү болсун! Анткени мамлекетибиздин эң чоң улуттук байлыгы – бул биздин билимдүү жаштар. Көп улуттуу өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү болсун!

Дочь трудового мигранта:

- Я верю, что детские мечты должны сбываться. Особенно, в Новогоднюю ночь! Поэтому, если ваши родители тоже сейчас далеко, уехали работать, я желаю, чтобы они скорее вернулись к нам. Пусть в такие семейные праздники как Новый год все семьи будут не на расстоянии, а рядом, за одним большим столом!

И.о.президента Талант Мамытов:

«2020-й год ударил по каждой семье. Кто-то потерял близких, кто-то друзей и знакомых. К сожалению, во время пандемии мы не смогли уберечь многих наших сограждан. Я выражаю глубокие соболезнования семьям, потерявшим своих близких от коронавируса. Память о них навсегда останется в наших сердцах.

Как исполняющий обязанности Президента, я хочу извиниться от имени всего государства, за события во время пандемии и спад экономики. Ни одна страна не была готова к таким событиям, и мы в том числе.

Этот год был непростым и сложным. Споры, разногласия, народные волнения, все это сопровождало нас не только в этом году, но и последнее десятилетие. Какими бы разными мы все не были, мы все хотим одного – процветающего Кыргызстана!

Я хочу выразить слова благодарности каждому, кто прямо сейчас, с надеждой на новое будущее слышит мои слова.

Кыргызстан – великая страна, не только потому, что у нас невероятной красоты природа, богатые природные ресурсы и масса возможностей для развития, а прежде всего из-за людей!

Мы велики благодаря нашим храбрым врачам, учителям, отважным сотрудникам правоохранительных органов, бесстрашным народным дружинам и гражданам, кому небезразлична судьба нашей страны!

Мы великий, многонациональный народ, потому что находясь на чужбине, или будучи здесь, мы всегда объединяемся и хотим идти вперед, во благо развития нашей общей родины.

Несмотря ни на что, было также много хорошего в этом году! Мы стали ближе с семьей, в очередной раз убедились в сплоченности наших граждан и в том, что рано или поздно справедливость всегда восторжествует.

Пусть 2021 год станет годом обновления и приятных изменений!

Наш мудрый и сильный народ, с многовековой историей, который прошел столько испытаний, - заслуживает жизни в процветающей стране.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жаңы жыл менен эски жыл тогошоор алдында Күрөш боюнча дүйнөлүк мелдеште Кыргызстаныбыздын байрагын бийик желбиреткен балбандарыбыздын ийгиликтерин дагы жакшылыкка жоруйлу.

Келерки жылда да ушундай жетишкендиктер уланып, жеке эле спорт тармагы эмес, бардык чөйрөлөрдө ийгиликтер коштолсун!

Кымбаттуу мекендештер!

Биз - баарыбыз кыргызстандыкпыз!

Мекени бир болгон ынтымактуу элдин максаты да бир болушу керек!

Ал – Кыргызстандын жаркын келечеги, элибиздин бакубат турмушу.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыз келечекте чыныгы демократиялуу, ар тараптан өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуларына терең ишенем. Биздин бардык күч-аракеттерибиз да мына ошого багытталган.

Мен 2021-жылы өлкөбүздө өзгөрүүлөр көп болуп, Кыргызстан үчүн жаӊылануунун жылы болушун тилейм!

Ал өзгөрүүлөрдүн башаты Президенттик шайлоо менен мамлекеттин башкаруу формасын аныктап алууда тургандыгы жалпы элге белгилүү.

Жаңырган жылдын 10-январына белгиленген Президенттик шайлоо менен катар Кыргызстандын мындан ары карай өнүгүшүн шарттай турган, жарандардын турмуш деңгээлин жакшыртууга өбөлгө боло турган башкаруу системасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт.

Мекенибизде өзгөрүүлөрдүн болушун каалаган жарандар атуулдук парзын аткарып, добуш берүүгө сөзсүз келип, Кыргызстандын жаңы багытка бет алышын кубаттап, бул саясий окуяларга кайдыгер карабастан, адилеттүү, эл үчүн күйгөн, татыктуу мамлекет башчысын чын дили менен шайлайт деп ишенем!

Кыргызстан – жаратылышынын кооздугу, кен байлыктарынын молдугу жана өнүгүү үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондугу менен эле эмес, эмгекчил, ак ниет эли менен да сыймыктана ала турган улуу өлкө!

Биз, эр жүрөк дарыгерлерибиз, мугалимдерибиз, укук коргоо жана аскер кызматкерлери, кыйынчылыкта тикесинен тик туруп берген элдик кошуундун өкүлдөрү жана мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер карабаган бардык жарандарыбыз менен байбыз жана улуубуз!

Өлкө Президентинин милдетин аткаруучу катары пандемия маалындагы окуялар үчүн жалпы мамлекеттин атынан кечирим сурайм. Пандемияга байланыштуу мындай окуяларга бир дагы мамлекет, анын ичинде биз дагы даяр боло алган жокпуз.

Тилекке каршы, пандемияда көп мекендештерибизди, белгилүү инсандарыбызды да сактап кала албадык. Коронавирус илдетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Алардын жаркын элестери жүрөгүбүздө дайыма сакталат.

Башынан нечендеген кыйынчылыктарды өткөргөн, көп кылымдарды карыткан тарыхы бар, биздин акылман жана күчтүү элибиз өнүккөн өлкөдө жашоого татыктуу.

Бул үчүн биз бардык аракетибизди жумшайбыз. Келиңиздер, Мекенибиз жөнүндө, балдарыбыздын жана Кыргызстаныбыздын келечеги жөнүндө ойлонолу!

Биригүүгө жана жалпы максатты көздөй бирге кадам шилтөөгө мезгил келип жетти!

Ылайым, 2021-жыл - жаңылануунун жана жагымдуу өзгөрүүлөрдүн жылы болсун!

Жаңы жылда жалаң жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттар орундалышына тилектешмин!

2021-жыл Кыргызстан үчүн, жалпы элибиз үчүн акжолтой жыл болсун!

Ар бир үй-бүлө бакубатчылыкта, жетишкендикте жана бардарчылыкта жашасын!

Жаңы жылыңыздар менен!».

Комментарии

Оставить комментарий