Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында тышкы экономикалык иштин ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору операцияларды аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, жыйынга мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын банк тутумунун колдонулуп жаткан санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү белгилери бар операцияларга тартылышына жол бербөө боюнча иштердин алкагында ишмердиги санкциялык жана комплаенс-тобокелдиктердин жогорку деңгээли менен байланышкан 35ке жакын юридикалык жак аныкталды.
Эл аралык санкциялык режимдердин мындан ары күчөтүлүшүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн субъекттердин белгиленген чектөөлөрдү айланып өтүү менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон ишмердигине көбүрөөк көңүл буруп жатканын эске алуу менен, ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан аталган юридикалык жактарды мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.
Буга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Юстиция министрлигине санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында аталган юридикалык жактарды мыйзамдарда белгиленген тартипте мажбурлап жоюу жол-жобосун демилгелөө жөнүндө жүйөлүү кайрылуу жөнөтүлдү.
Экономика жана коммерция министрлиги ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, ошондой эле санкциялык тобокелдиктерди азайтууга жана Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды көрүү боюнча иштерди улантат.