Кыргызстандын банк сектору акыркы жылдары активдүү трансформация этабынан өтүүдө. Экономиканын өсүшү, санариптик технологиялардын өнүгүшү жана накталай эмес төлөмдөрдүн көбөйүшү менен бирге коммерциялык банктар өлкөнүн каржы тутумунда гана эмес, реалдуу секторду өнүктүрүүдө да барган сайын маанилүү боло баштады.
Муну менен катар Кыргызстан улуттук санариптик валюта – санарип сомду киргизүүгө даярданууда. Бул демилге өлкө экономикасын санариптештирүү жана каржы тутумун модернизациялоо багытынын бир бөлүгү катары президент Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынган.
Буга чейин мамлекет башчысы санарип сомду киргизүү үчүн укуктук негиз түзүүчү мыйзамга кол койгон. Улуттук валютанын бул жаңы формасы каржылык операциялардын ачыктыгын жогорулатууга, санариптик төлөмдөрдүн өнүгүшүн тездетүүгө, ошондой эле калк жана ишкерлер үчүн каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө банктык каржылоо үчүн кайсы тармактар артыкчылыкка ээ экени, санарип сом каржы рыногуна кандай таасир этери, банк тутуму жаңы технологиялык чакырыктарга даярбы жана Кыргызстандын банк сектору канчалык деңгээлде кирешелүү экендиги тууралуу Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев “Кабар” агенттигине берген маегинде айтып берди.

— Анвар Карикеевич, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар жөн гана керектөө насыяларын берүү менен чектелбестен, Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүдө кандай мааниге ээ болуп жатканы тууралуу айтып берсеңиз?
— Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коммерциялык банктары негизинен керектөө насыяларын берүү моделинен экономиканын реалдуу секторун жигердүү каржылоого акырындап өтүүдө. Кеп айыл чарбасын, өнөр жайды, курулушту, логистиканы, экспортту, ошондой эле чакан жана орто ишкердикти колдоо жөнүндө болуп жатат.
Өзгөчө агрардык секторду жана өндүрүш ишканаларын каржылоонун өсүшү байкалууда. Банктар инвестициялык долбоорлордо жөн гана насыя берүүчү эмес, өнөктөш катары да чыга башташты. Бул Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө маанилүү, анткени ички өндүрүштү өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзбөстөн туруктуу өсүшкө жетишүү мүмкүн эмес.
Мындан сырткары, банктар жеңилдетилген насыялоо, ипотека жана ишкердикти колдоо боюнча мамлекеттик программаларга активдүү катышууда. Банк секторунун насыя портфели өсүп жатат, бул өлкө экономикасында банктардын ролу жогорулап жатканынан кабар берет.

— Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы банктар канчалык деңгээлде кирешелүү сектор болуп саналат?
— Учурда Кыргызстандын банк сектору экономиканын эң туруктуу жана кирешелүү сегменттеринин бири бойдон калууда. Банктар активдердин, депозиттердин жана насыя портфелинин өсүшүн көрсөтүшүүдө.
Улуттук банктын маалыматы боюнча банк секторунун жалпы активдери 1,3 триллион сомдон ашты, ал эми депозиттердин көлөмү өсүүдө. Бул калктын жана бизнестин банк тутумуна болгон ишеними жогорку экендигинен кабар берет.
Ошону менен бирге банктардын кирешелүүлүгү санариптик кызматтардын өнүгүшү, кардарлар базасынын кеңейиши жана өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн өсүшү менен шартталууда. Бирок, келечекте банктарга жаңы чакырыктарга — атаандаштыктын күчөшүнө, санариптештирүүгө жана киберкоопсуздукка болгон талаптардын жогорулашына көнүүгө туура келет.
— Банктар Кыргызстанда узак мөөнөттүү каржылоо үчүн экономиканын кайсы тармактарын эң келечектүү деп эсептешет?
— Бүгүнкү күндө эң келечектүү багыттар болуп төмөнкүлөр саналат:
- айыл чарбасы жана продукцияны кайра иштетүү;
- энергетика, анын ичинде гидроэнергетика жана “жашыл” долбоорлор;
- курулуш жана ипотека сектору;
- транспорт жана логистика;
- экспортко багытталган өндүрүштөр;
- санариптик экономика жана IT сектору;
- туризм.
Кыргызстан агроөнөр жай комплексинде жана энергетикада жогорку потенциалга ээ, андыктан дал ушул багыттар узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн негизги багыт катары каралууда. Ошондой эле банктар исламдык каржылоо тармагына да кызыгып жатышкандыктан, анын көлөмү акыркы жылдары кыйла өсүүдө.
— Санарип сомдун киргизилиши коммерциялык банктардын ишин кандайча өзгөртөт?
— Санарип сомдун киргизилиши каржы тутумун трансформациялоонун олуттуу этабы болуп калат. Банктарга өздөрүнүн төлөм платформаларын, мобилдик тиркемелерин, кардарларды идентификациялоо жана киберкоопсуздук тутумдарын улуттук валютанын жаңы формасына ылайыкташтырууга туура келет.
Муну менен бирге, коммерциялык банктар Улуттук банк менен кардарлардын ортосундагы ортомчулук маанилүү ролун сактап калышат. Банктар аркылуу санариптик капчыктар ачылып, төлөмдөр жүргүзүлүү менен ага байланыштуу каржылык кызматтар көрсөтүлөт.
Ошондой эле санарип сом каржылык технологиялардын өнүгүшүн тездетүү менен банк секторундагы атаандаштыкты күчөтөт. Банктар инновацияларды активдүү киргизүүгө жана санариптик кызматтардын сапатын жакшыртууга мажбур болушат.

— Санарип сом калкка жана бизнеске кандай артыкчылыктарды берет?
— Калк үчүн санарип сом - бул ыкчам, ыңгайлуу жана коопсуз төлөмдөрдү билдирет. Ортомчуларсыз ыкчам которууларды жүргүзүү жана операциялар үчүн комиссияларды азайтуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Бизнес үчүн артыкчылыктар эсептөөлөрдүн тездеши, чыгымдардын азайышы жана каржылык операциялардын ачыктыгынын жогорулашы менен байланыштуу. Бул өзгөчө чакан жана орто бизнес, ошондой эле электрондук коммерция үчүн абдан маанилүү.
Мындан сырткары, санарип сом салттуу банктык инфраструктура начар өнүккөн алыскы аймактардын тургундары үчүн каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттыра алат.
Дагы бир артыкчылыгы - жогорку ишенимдүүлүк деңгээли анткени, санариптик сомду Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарат жана ага кепилдик берет.

— Кыргызстандын банктык инфраструктурасы улуттук санариптик валютаны киргизүүгө канчалык деңгээлде даяр?
— Акыркы жылдары Кыргызстандын банк сектору санариптештирүү багытында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Тез төлөм тутумдары менен интеграцияланган мобилдик тиркемелер, онлайн-банкинг жана QR-төлөмдөр дээрлик бардык ири банктарда бар.
Бирок, санарип сомду киргизүү инфраструктураны өзгөчө киберкоопсуздук, маалыматтарды коргоо жана төлөм тутумдарынын үзгүлтүксүз иштеши жагынан кошумча модернизациялоону талап кылат. Улуттук банк учурда даярдык иштерин жана пилоттук долбоорлорду жүргүзүп жатат. Санарип сомду толук кандуу ишке киргизүү 2027-жылдан тарта пландалууда.
— Санарип сом көмүскө экономиканы кыскартууга жана каржылык операциялардын ачык-айкындыгын жогорулатууга жардам бере алабы?
— Ооба, санарип сом экономиканын ачыктыгын жогорулатуунун маанилүү куралына айлануу потенциалына ээ. Анткени, санариптик операцияларды көзөмөлдөө жеңилирек болгондуктан, салыктан качуу, расмий эмес эсептешүүлөр жана көмүскө акча жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрү азаят.
Мамлекет үчүн бул акча агымдарын натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана салыктардын чогулушун жакшыртууга шарт түзөт. Бизнес үчүн болсо — кыйла ачык жана туруктуу каржылык чөйрөнү камсыздайт. Бирок, коомдун жаңы системага болгон ишенимин сактоо үчүн ачык-айкындуулук менен жарандардын жеке маалыматтарын коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо абдан маанилүү.