Кыргызстанда акыркы беш жылда салык системасын реформалоо багытында бир катар иштер аткарылды. Ишкерлерге ыңгайлуу чөйрө түзүү максатында электрондук кызматтарды санариптештирүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу боюнча чаралар ишке киргизилүүдө. Салыктын айрым түрлөрү боюнча жеңилдиктер жана стимулдар каралган. Салыктык отчеттуулуктун автоматташтырылышы салык чогултуунун көрсөткүчтөрүн жогорулатып, ачык-айкындуулукту камсыздоодо. Муну менен салыктык түшүүлөрдүн көрсөткүчү кыйла жогорулады. “Кабар” агенттиги акыркы жылдары Мамлекеттик салык кызматынын ишмердүүлүгүнүн аркасында салык саясатында жетишилген натыйжалар тууралуу айтып берет.
Мамлекеттик салык кызматын 2023-2025-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилген. Жаңы стратегияны иштеп чыгуу атаандаштык жана адилеттүү салык системасын түзүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу жана салыктарды чогултууну жакшыртууга багытталган. Ошондой эле документ өлкөнү 2018-2040-жылдарда өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында салыктык башкаруунун ачыктыгын күчөтүү зарылдыгы менен шартталган.
Салык кызматынын стратегиясы салыктык башкарууну салыктык контролдун аралыктан башкаруу ыкмаларына өткөрүү жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө деңгээлин жогорулатуу аркылуу салык төлөөчү жана салык органдары тарабынан салык мыйзамдарынын так жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу максатын көздөгөн.
Стратегияда бир катар натыйжаларга жетише турган артыкчылыктуу 7 багыт аныкталган:
- Санариптештирүү: Маалыматтардын архитектурасын жана аналитиканы түзүү;
- Кардарларга болгон багытты жогорулатуу;
- Салыктык башкарууну модернизациялоо;
- Салык сабаттуулугун жана калктын маданиятын жогорулатуу;
- Ички жана тышкы органдар менен өз ара аракеттенүүнү түзүү;
- Кадрдык дараметти өнүктүрүү;
- Салык кызматынын беделин колдоо жана өнүктүрүү.
Санариптештирүү бүгүнкү күндө салык органдарын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Заманбап технологиялар ички процесстерди оптималдаштырууга гана эмес, салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга да мүмкүндүк берет.

Акыркы жылдары Салык кызматы бул багытта бир топ иштерди аткарды. Ошону менен бирге санариптик трансформация жаңы милдеттерге жана мүмкүнчүлүктөргө жол ачууда.
Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкарууну ырааттуу түрдө өркүндөтүп, аналитикалык иштерди күчөтүп, көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу боюнча чараларды көрүп жатат.
“AiSalyk” — жаңы санариптик жардамчысы ишке киргизилди. Жаңыланган санариптик платформа бардык колдонуучуларга жеткиликтүү.
Жаңы https://sti.gov.kg/ сайты жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле салыктык маалыматтарды алуу жана салыктык милдеттенмелерди аткаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыкты.
Жаңыланган платформа жөнөкөйлөштүрүлгөн түзүмү, заманбап дизайны жана ыңгайлуу багыты менен айырмаланат. Сайттан ашыкча жана кайталанган бөлүмдөр алынып салынган, бул керектүү маалыматтарды тезирээк табууга мүмкүндүк берет.
Негизги мүмкүнчүлүктөрү:
- “AiSalyk” виртуалдык консультанты — жасалма интеллект технологияларын колдонгон чат-бот. Ал салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берет.
- Бюджет менен эсептешүүлөрдү текшерүү — эсептешүүлөрдүн абалы тууралуу маалыматты авторизациядан өтпөстөн эле сайттын башкы бетинен алууга болот.
- Электрондук ресурстарга тез жетүү — сайтта мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, “Салык төлөөчүнүн кабинетине” жана башка сервистерге түз шилтемелер жайгаштырылган.
Учурда Салык кызматынын адистери колдонуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен платформаны мындан ары өркүндөтүү жана оптималдаштыруу боюнча иштерди улантууда.
Салык системасын реформалоонун экинчи этабынын жүрүшүндө негизги элемент катары "Салык Күзөт" автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилди.

Бул система ишке киргизилгенге чейин Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бир нече булактар менен иштөөгө жана компаниялардын салыктары, камсыздандыруу төгүмдөрү жана отчеттуулугу жөнүндө маалыматтарды кагаз түрүндө чогултууга аргасыз болгон. Эми бардык маалыматтар бир платформага топтолду. “Салык Күзөт” салыктык талдоонун жаңы маалыматтык тутуму – салыктык башкарууну өркүндөтүүгө, ачык-айкын экономиканы түзүүгө, ошондой эле салык тобокелдиктерин жана адам факторунун таасирин азайтууга багытталган.
Жаңы системанын жардамы менен аймактар, райондор жана шаарлар боюнча салыктык түшүүлөрдүн көрсөткүчтөрүн көрүүгө болот. Тутум онлайн режиминде КНС төлөбөгөн компанияларды да көрсөтөт.
"Салык Күзөт" платформасын мындан ары жайылтуу, ишкерлер менен салыктык тартип боюнча системалуу иш алып баруу, ошондой эле бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу иштери улантылууда.
Саналуу күн мурун Салык кызматы ишкерлердин убактысын үнөмдөө, ашыкча бюрократияны жоюу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында акциздик маркаларды алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү иштерин баштады.
Арыздарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн берүү, тиркелген маалыматтарды автоматтык текшерүү, акциздик маркаларды берүү боюнча чечимдерди санариптештирүү жана “АБанк” менен "Учкун" ААКтын ортосунда электрондук маалымат алмашууну камсыз кылуу пландалууда.

Белгилей кетсек, Салык кызматында мындай процесстерди санариптештирүү боюнча тажрыйба бар. Маселен, күйүүчү-майлоочу материалдарды маркалоо процесси толугу менен санариптештирилип, ушул жылдын 1-январынан тартып ишке киргизилген.
Учурда дүйнө санариптик трансформациянын доорунда жашап жатканда технология жашообуздун бардык чөйрөсүнө кирип, анда салыктык башкаруу да четте калбай, санариптештирүү иштин натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, процессти өркүндөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
2024-жылы салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча түшүүлөр 302,4 млрд сомду түзгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 53 млрд сомго көп, өсүү 21%дан ашкан.
Акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү, салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында бир катар алгылыктуу чаралардын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылы 391,8 млрд сом чогултуп, планды 8,2 млрд сомго ашыгы менен аткарган.
Бюджеттин өсүшүнө таасир эткен бир катар факторлор бар, алардын ичинде: экономиканын өсүшү, өлкөнүн ИДПсы 2020-жылы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылы – 22,6 млрд доллардан ашты, салыктык башкаруунун жакшырышы, салыктык түшүүлөр болжол менен 4 эсеге көбөйдү, бажылык түшүүлөр 6 эсеге көбөйдү, салыктык эмес түшүүлөр 8-9 эсеге көбөйдү, экономикалык активдүүлүктүн өсүшү, курулуш, соода, тейлөө чөйрөсүндө, айыл чарбасында өсүш байкалууда, алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулашынан улам, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше 5 млрд доллардан ашты.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 308,4 млрд сомдон ашык салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Бекитилген план 40,1 млрд сомго ашык аткарылды. Ал эми 2024-жылга салыштырмалуу 135,1 % өсүү ыргагы менен рекорддук 80,2 млрд сомго көп чогултулду.
Анда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү такталган болжолдогу 383,6 млрд сомдун ордуна 391,8 млрд сом жыйналып, белгиленген план 102,1 пайызга аткарылды. 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 90 млрд сомго же 129,6 пайызга өстү. Ал эми салыктык кирешелер 80,2 млрд сомго, камсыздандыруу төгүмдөрү 9,3 млрд сомго көбөйдү.
Бүгүнкү күндө Салык кызматы санариптик жактан өнүгүүгө бет алган мамлекеттик орган катары процесстерди санариптештирүү жана автоматташтыруу, салыктык башкарууну өркүндөтүү, көмүскө экономикага каршы күрөшүү, калк жана бизнес менен диалогду кеңейтүү, салыктарды ыктыярдуу жана өз убагында төлөө үчүн шарттарды түзүү иштерин алдыга жылдырууда.
2025-жылы салык чогултуу боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн пландан ашык аткарылышы салыктык башкарууну жакшыртуу жана бизнести көмүскөдөн чыгаруу чараларынын натыйжалуулугун тастыктайт.
2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түздү. Январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түзүп, план 103,9%га аткарылды. Бул белгиленген пландан 22,7 млрд сомго көп.

Анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 259,8 млрд сом киреше чогултулуп, план 103,6%га, ал эми Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 139 млрд сом чогултулуп, план 104,6%га аткарылды.
2025-жылы салык жүгүн азайтуу жана экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн салык жеңилдиктерин кеңейтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлгөн.
Ошондой эле 2025-жылдагы реформалардын негизги натыйжасы салыктык башкарууну трансформациялоо болду: ашыкча текшерүүлөрдөн жана бизнеске болгон кысымдан баш тартуу, отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү, бир катар контролдук чараларды жокко чыгаруу.
Салык салууну санариптештирүүгө жана реформалоого өзгөчө басым жасалды, бул коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга, көмүскө жүгүртүүнү кыскартууга жана салыктык тартипти жогорулатууга мүмкүндүк берди. Бул өзгөртүүлөр экономиканын жана салыктык кирешелердин бирдей өсүшүн камсыздап, тандалган жолдун натыйжалуулугун ырастады.
Санариптештирүү менен бирге салык мыйзамдары да өркүндөтүлүүдө. Реформалар административдик жүк салмагын азайтууга, ишкердикти колдоого жана бизнес үчүн түшүнүктүү жана адилеттүү шарттарды түзүүгө багытталган.
Акыркы эки жылдын ичинде президенттин жети жарлыгы жана салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган алты мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Документтерге ылайык, соода тармагынын айрым категориялары үчүн патенттик система кайтарылды. Бирдиктүү салыктын 0,5 %дык ставкасын колдонуунун жылдык кирешенин босогосу 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин жогорулатылды. Мыйзамда белгиленген учурларда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонуудан бошотуу каралган.
Экономиканын ар кандай тармактары үчүн дагы олуттуу колдоо чаралары каралган.
Зергерчилик тармагы үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төрттөн бир пайыз болуп белгиленди.
Айыл чарбасында мүлк салыгы жана жер астындагы сууларды алгандагы жеңилдиктер бар. Ошондой эле ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүн саткан соода түйүндөрү үчүн кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдиктер каралган.
Тигүү жана текстиль өнөр жайы үчүн 2030-жылга чейин камсыздандыруу төгүмдөрү жана киреше салыгы боюнча атайын шарттар белгиленди.
Коомдук тамактануу жайлары, сауналар жана мончолор, курулуш тармагы, такси айдоочулары жана курьерлер үчүн өзгөчө салык шарттары каралган. Ал эми Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн беш жылга бирдиктүү салыктын нөлдүк ставкасы белгиленди.
Ошондой эле Кыргызстандан тышкары ишмердүүлүк жана чет өлкөлүк банктар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялар үчүн салык ставкастары төмөндөтүлдү. Мүлктү ижарага берген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча атайын шарттар каралган.
Мындан тышкары, жеке жактарга каралган жалпы декларациялоо жоюлду.
Бул өзгөрүүлөрдүн баары административдик тоскоолдуктарды азайтууга, легалдуу бизнести колдоого жана анын өнүгүшү, жаңы жумуш орундарын ачуу жана өлкөнүн экономикасынын өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Экономист Искендер Шаршеев акыркы беш жылда Кыргызстандын салык саясатында жүргүзүлгөн өзгөрүүлөрдү жалпысынан оң баалады.
Шаршеев “Кабар” агенттигине реформалар ишкерлердин салыктык жана административдик жүгүн жеңилдетүүгө, кызматтарды санариптештирүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталгандыгын белгиледи.

“Менимче, бул багыттар бири-бирин толуктап турат: салык төлөө тартиби канчалык жөнөкөй жана түшүнүктүү болсо, ишкерлердин мыйзамдуу иштөөгө кызыкчылыгы ошончолук жогорулайт”, - деди ал.
Экономисттин баамында, салыктык жеңилдиктердин айрым тармактарга максаттуу берилиши маанилүү кадам болду. Тигүү жана текстиль тармагындагы кызматкерлерге, таксисттерге жана курьерлерге каралган жеңилдетилген шарттар алардын расмий иштөөсүнө өбөлгө түзөт. IT, креативдүү индустрия жана башка келечектүү багыттарды колдоо да экономиканы өнүктүрүү үчүн маанилүү.
“Эң олуттуу жетишкендиктердин бири катары санариптештирүүнү белгилейт элем. “Салык төлөөчүнүн кабинети”, онлайн төлөмдөр, электрондук отчеттор жана патент алуу мүмкүнчүлүгү ишкерлердин убактысын үнөмдөп, салык органдарына баруу зарылдыгын азайтууда. Электрондук эсеп-фактуралар жана мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашуу эсепке алууну жакшыртып, товардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Бул өзгөрүүлөр салык кызматынын ишинде тейлөөгө көбүрөөк көңүл бурууга, адамдык факторду жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жардам берет”, - деп эсептейт Искендер Шаршеев.
Салык чогултуунун ачыктыгын жогорулатууда да санариптик куралдардын ролу чоң. Электрондук эсеп-фактуралар, онлайн-кассалар жана маалыматтарды салыштыруу мүмкүнчүлүгү жүгүртүүнү жашырууну кыйындатат. Ошол эле учурда салык түшүүлөрүнүн өсүшүн бир гана көмүскө экономиканын кыскарышы менен түшүндүрүү туура болбойт. Ага экономикалык активдүүлүк, баалардын өзгөрүшү жана башка жагдайлар да таасир этет. Ошондуктан реформалардын ийгилигин бюджетке түшкөн каражат менен катар ишкерлер үчүн түзүлгөн шарттарга карап да баалоо зарыл.
Экономист эрежелердин тез-тез өзгөрүшү бизнестин ишин пландаштырууну да өзгөртөрүн белгилейт. Анын пикиринде, чакан ишкерлерге, өзгөчө айыл жерлеринде иштегендерге, санариптик кызматтарды өздөштүрүү үчүн түшүндүрүү жана окутуу иштери керек.
“Интернеттин жеткиликтүүлүгү, системалардын туруктуу иштеши жана жеке маалыматтардын коопсуздугу да көңүл борборунда болууга тийиш. Жалпысынан реформалардын багытын туура деп эсептейм. Мындан аркы натыйжа салык эрежелеринин туруктуулугуна, жеңилдиктердин адилеттүү колдонулушуна жана мамлекет менен бизнестин ортосундагы туруктуу диалогго байланыштуу болот”, - деп айтты Шаршеев.
Салык кызматы салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү иштерин улантууда. Ошондой эле салык тармагындагы абалды объективдүү чагылдыруу өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты калыптандырууда маанилүү. Мамлекеттик салык кызматы мындан ары да бизнес-коомчулук менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана салык системасын өркүндөтүүнү улантарын белгилеп келет.