Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү өсүүнү улантууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 15-майына карата өлкөнүн эл аралык резервдери 9 млрд 82 млн долларды түздү. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 478,9 млн долларга же 5,6 пайызга өскөнүн айгинелейт.
Улуттук банктын эл аралык резервдери министрлер кабинетинин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин өз убагында тейлөө, ошондой эле Кыргызстандагы баалардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында тиешелүү акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүү үчүн колдонулат.