“MegaPay” тиркемесинде баалуу кагазды кайра сатуу функциясы иштеп баштайт

Экономика Загрузка... 01 Июль 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Жакын арада “MegaPay” мобилдик тиркемесинде мамлекеттик баалуу кагаздарды кайра сатуу функциясы иштеп баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргыз фондулук биржасынын башкы директорунун орун басары Мыктыбек Абиров билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Кыргыз фондулук биржасы “Мегаком” компаниясы менен биргеликте “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды сунуштоодо.

Мыктыбек Абировдун пикиринде, бир баалуу кагаздын баасы – 100 сом. Бир адам кеминде 1000 сомго он баалуу кагаз сатып алууга туура келет. Максималдуу көлөмү – 10 млн сомго жетет. Баалуу кагаздар эки жылдык мөөнөткө жүгүртүлөт. Пайыздык чени 17 пайызды түзөт.

“Эгерде кыргызстандыктар акча керек болуп калса, мамлекеттик баалуу кагаздарды кайра эле сатып жиберүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Жакын арада “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу баалуу кагаздарды сатууга чыгаруу функциясы иштелип чыгат. Бул багытта азыр Кыргыз фондулук биржасы иш алып барууда”, - деди ал.